Каракол шаарынын Челпек айылы сел суусунан тазаланды

  • 1 месяц мурун

Бүгүн,  8-июлда, саат 16:20 чамасында Каракол шаарынын Челпек аймагынын күн-чыгыш тарабында катуу жаган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Челпек айылынын ортосу менен өтүүчү арык каналдарга батпай айылдын ички чарбалык жолдорун каптаган.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгы билдирди.  

Селдин кесепетинен №35 жол тейлөө мекемесинин карамагындагы көпүрө жараксыз абалга келген жана 1 турак үйдүн чарбалык курулуштарын сел суулары каптаган. Жабыркагандар жок.

Каракол шаарынын Жарандык коргонуу кызматтарынан 2 экскаватор, 15 кызматкер жана ЖТИден экскаватор, трал, жүктөгүч тартылган. Шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ, 10 куткаруучү, 2 авариялык куткаруу унаасы  мотопомпа тартылып, селдин кесепеттерин жоюу иши жүрдү. Абал туруктуу.

Ошондой эле Ак-Суу районунда алдын ала маалымат боюнча, саат 13:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен Каракол капчыгайындагы тоо-лыжа базасына баруучу унаа жолун кокту-колоттордон түшкөн таш аралаш жаан суулары каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Каракол шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам топ жана Жол тейлөө ишканасынан экскаватор,  грейдер тартылып, жолду тазалоо жумушу жүрүүдө.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты