Карабактан 100 миңден ашык тургун чыгып кетти

  • 7 месяцев мурун

Жикчил Тоолуу Карабактан 100 миңден ашык киши Арменияга чыгып кетти. Алардын 34,5 миңден көбү мамлекеттик турак жай менен камсыз болду. Бул тууралуу 30-сентябрда Армениянын өкмөтү билдирди.

Жыл башындагы маалыматка ылайык, Тоолуу Карабакта 120 миңге жакын адам жашаган.

Аймактын бийлиги 20-сентябрда Азербайжандын шарттарына баш ийип, багынып берүүгө макул болгон жана көп өтпөй ал жактан армян тектүү жарандар жапырт чыгып кете баштаган.

Азербайжанды «этностук тазалоого» айыптаган Армения Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эл аралык сотуна Бакуга каршы арыз жолдогон. Азери бийлиги буга комментарий бере элек.

28-сентябрда эл аралык коомчулук тааныбаган аймактын лидери Самвел Шахрамян «Тоолуу Карабак республикасы» деген түзүмдү 2024-жылдын 1-январында жоюу тууралуу буйрукка кол койгон.

Тоолуу Карабактан агылган качкындар үчүн аймакты Армения менен байланыштырган Лачын коридорунун жанында гуманитардык борбор ачылган.

Сүрөттө: Тоолуу Карабактан келген качкындарды кабыл алуу борбору. RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты