Никол Пашинян кайрадан Армениянын премьер-министри болуп дайындалды

Армениянын премьер-министри болуп дайындалды. Бул тууралуу  Армениянын басма сөз кызматы маалымат жарыялады.

Никол Пашиняндын премьер-министрликке талапкерлигин “Жарандык келишим” оңчул фракциясы көрсөткөн.

Өлкөнүн президенти Ваагн Хачатурян Никол Пашинянды премьер-министрликке дайындоо жарлыгына кол койду.

Буга чейин Армениянын Пашинян жетектеген өкмөтү отставкага кеткен.

Армениянын Конституциясына ылайык, парламенттик көпчүлүк добуш алган талапкер премьер-министр болуп дайындалат. 14-июндагы парламенттик шайлоодо Пашиняндын “Жарандык келишим” партиясы 49,7% добуш алган. Самвел Карапетяндын “Күчтүү Армения” партиясы 23,3%, мурдагы президент Роберт Кочеряндын “Армения” блогу 9,9% добуш алган.

Никол Пашинян төртүнчү жолу премьер-министрлик кызматка дайындалды. Ал 2018 жылы премьер-министрлик кызматты аркалап, ошол эле жылы кайра дайындалган жана 2021, 2026-жылдары премьер-министрлик кызматка келди.

Сүрөт: Интернет булактарынан 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты