Пашинян Арменияда референдум өткөрүүдөн баш тартты
- 2 недели мурун
Никол Пашинян Арменияда Европа Бирлигин же Евразия экономикалык бирлигин тандоо боюнча референдум өткөрүүдөн баш тартты. Референдум өткөрүүнү Россия, Беларусь, Казакстан жана Кыргызстан талап кылган.
Бул тууралуу Армен пресс 1-июнда билдирди.
-Азыркы учурда Европа бирлигин же Евразия бирлигин тандоо боюнча референду өткөрүүгө негиз жок,-деп билдирди Армениянын премьер-министри Никол Пашинян.
Армения Европа бирлиги же Евразия экономикалык бирлигин тандоо мезгили келгенче, ЕАЭБде ишин уланта бермекчи,- деп билдирди Пашинян.
Пашинян ЕАЭБ же Европа бирлигин армян эли өзү тандай турганын айтты.
Армения расмий түрдө Европа бирлигине өтүүгө арыз бермейинче же Европа бирлигине өтүүгө талапкер болмоюнча, референдум өткөрүү максатка ылайыксыз экенин белгиледи. Бүгүн бул маселе теория жүзүндө гана. Армения Евразия экономикалык биримдигинде тынч гана өз ишин аткара бермекчи экенин кошумчалады.
Ал эми Россия, Беларусь, Казакстан жана Кыргызстан май айынын аягында биргелешкен билдирүү кабыл алып, Арменияга Евразия экономикалык биримдигине калары же калбасы боюнча референдум өткүрүү талабын коюшкан.
7-июнда Арменияда парламенттик шайлоо өтөт. Анын алдында Москва менен Еревандын мааилеси сууп баратканы байкалууда. Россия Арменияны Батышты көбүрөөк жактап жатканына күнөөлөөдө.
Сүрөт: Интернет булактарынан




