Тоолуу Карабак республикасын жоюу тууралуу жарлыкка кол коюлду

  • 7 месяцев мурун

Жикчил Тоолуу Карабактын башчысы Самвел Шахраманян 2024-жылдын 1-январына чейин республиканы жоюу тууралуу жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, кийинки жылдын башына карата «бардык мамлекеттик мекемелер менен уюмдар жана аларга баш ийген ишканалар таркатылып, Тоолуу Карабак республикасы (Арцах) жоюлат».

Тоолуу Карабакта жашагандарга «аймакта калуу-калбоо боюнча чечим чыгаруу үчүн» азери тараптын реинтеграция шарттары менен таанышып чыгуу сунушталды.

Армян өкмөтүнүн маалыматына караганда, 28-сентябрга карата Тоолуу Карабактан Арменияга 65 миңден ашык киши жер которду. Бул жикчил республиканын жалпы калкынын дээрлик жарымын түзөт.

Жарлыкта ошондой эле Тоолуу Карабак республикасын жоюу чечими «оор аскердик-саясий кырдаал түзүлгөнүнө байланыштуу жергиликтүү калктын коопсуздугун камсыз кылуу максатында» кабыл алынганы белгиленген.

«Тоолуу Карабактан чыгып кетүүнү каалаган тургундар менен курал-жарагын таштаган аскер кызматкерлеринин Лачын коридору аркылуу коопсуз, эркин өтүүсү камсыз кылынууда. Мындай макулдашуу азери тарап менен орус бейпилдик орнотуу күчтөрүнүн ортомчулугу менен жетишилген»деп жазылган жарлыкта.

Өткөн жумада Азербайжандын аскердик операциясынын жыйынтыгында жикчил Тоолуу Карабак республикасынын бийлиги Бакуга багынып берген.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкө Тоолуу Карабактан качкындарды кабыл алууга даяр экенин билдирген.

Армениянын баш калаасы Ереванда бир жумадан ашык убакыттан бери Азербайжандын шарттарына макул болуу боюнча армян өкмөтүнүн чечимине каршы нааразылык акциялар уланууда.

Сүрөт: TASS.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты