Президент Жапаровдун Азербайжанга болгон иш сапары аяктады
- 3 недели мурун
Садыр Жапаровдун 17-18-майда Азербайжанга иш сапары аяктады. 19-майда президент Чолпон-Атага келди.
Мамлекет башчы Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин чакыруусу боюнча Дүйнөлүк шаарлар форумунун 13-сессиясына (WUF13) катышты.
Иш-чарага ошондой эле 20га жакын мамлекет жана өкмөт башчылар, жогорку даражалуу адамдар, эл аралык уюмдардын жетекчилери жана дүйнөнүн 182 өлкөсүнөн 45 миңден ашуун делегат катышты.
Садыр Жапаров өз сөзүндө тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүгө басым жасады.
Бул контекстте президент сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүү, калдыктарды экологиялык жактан таза чогултуу системасын түзүү жана жаратылыш ландшафттарынын булганышын алдын алуу сыяктуу стратегиялык багыттарга токтолду.
Президент Бишкектин бул жааттагы олуттуу тажрыйбасына токтолуп, өткөн жылдын аягында Борбор Азиядагы катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү биринчи эко-технологиялык заводдун ачылышы болгонун белгиледи.
Форумдун алкагында президент Садыр Жапаров менен Маврикийдин президенти Дхарамбир Гокхулдун сүйлөшүүлөрү болду.
Президент Садыр Жапаров 19-майда Чолпон-Ата шаарына кайтты.
Сүрөт: president.kg




