Кара-Сууда Матраимовго тиешелүү делген 26 мүлк камакка алынды

  • 2 месяца мурун

Ош облусунун Кара-Суу районунда бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовго тиешелүү делген 26 кыймылсыз мүлк камакка алынганы белгилүү болду.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Кара-Суу райондук каттоо кызматынын башчысынын орун басары Мухамедали Мамашев билдирди. Анын сөзүнө караганда, камакка алынган мүлктүн арасында “Исмаил ата” мечити, “Исмаил ата” чайканасы да бар.

“Атайын кызматтын 2024-жылдын 19-январдагы 487-номурлуу каты менен Кара-Суу районунда биздин кызматтан каттоодон өткөн 26 мүлк бирдиги камакта турат. Анын ичинде үйлөр, мамлекеттен үлүшкө алган жерлери да камакка алынган” деди ал.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнө тиешелүү Ош шаарындагы үйгө 14-февралда мөөр басып кеткен. Турак жай Ош шаарынын Супаналиев көчөсүндө жайгашкан.

Райымбек Матраимовго тиешелүү деп айтылган Оштогу JAMBY бизнес борбору да жакында эле жабылып, кайра иштей баштаганын ошол жерде эмгектенген бир канча адам тастыктады. Бирок ал кандай себептер менен жабылып, ачылганы тууралуу расмий маалымат чыккан эмес.

2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 млрд сом төгүп берген.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимовду жана маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевди өлкөдө “мафия түзгөн” деп айыптаган.

Өткөн аптада УКМК Райымбек Матраимовдун 34 млн 810 миң 500 долларлык (3 млрд 98 млн 134 миң сом) кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине алынганын билдирген. Анын ичинде Бишкек менен Ош шаарларындагы кымбат баалуу үйлөр, коммерциялык имараттар, Чүй жана Ош облусундагы эки бажылык каттоо жери көрсөтүлгөн.

Райымбек Матраимов өзү каякта экени белгисиз. Анын агасы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов 16-февралда “Азаттыкка” берген комментарийинде “бардык мүлктүн баарын Райымбек Матраимовдуку дей берген туура эмес экенин” айтты.

26-январда УКМК Райымбек Матраимовго издөө жарыяланганы белгилүү болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты