Кара-Суу районунда сел жүрдү
- 5 месяцев мурун
25-майда түнкү саат 01:00 чамасында жааган жаандан улам, Кара-Суу районунун алты айыл аймагында сел жүрдү.
Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Баштапкы маалымат боюнча, 56 турак үйдүн жер төлөсүнө, 23 үйдүн короосуна суу кирди. Оорукананын жер төлөсүн, мектептин короосун суу каптады. Сары-Колот айылында үй жана алты сарай авариялык абалга келди, 48 кой агып кетти.
Кыргыз-Чек, Падаван, Таш-Арык айылдарында тазалоо иштерине техника жана куткаруучулар тартылды.
Жарандык коргонуу кызматтары жеринде тактоо жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө.
Сүрөт: Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү
Муну бөлүшүү




