Ош — Кара-Суу жолу: Курулушту жыл аягына чейин бүтүрүү тапшырмасы берилди
- 1 месяц мурун
Президент Садыр Жапаров 12-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ош – Кара-Суу унаа жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.
Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев долбоордо тротуарлар жана велосипед жолу да каралганын айтты. Мындан тышкары рельефтик шарттары ылайык келген жерлерде ортосуна бөлүүчү тосмо коюлат. Жол узундугу боюнча жарыктандырылат.
Маалыматта айтылгандай, төрт тилкелүү жол тыгындарды азайтып, жол кыймылынын коопсуздук деңгээлин жогорулатат. Бул өз кезегинде Кара-Суу районунун транспорттук каттамдарын жакшыртат, ошондой эле шаарлар жана региондор аралык жүк жана жүргүнчү ташуу процессин тездетет.
Садыр Жапаров тиешелүү министрликке жолдун курулушун ушул жылдын аягына чейин бүтүрүүнү, ошол эле учурда аткарылып жаткан иштердин сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
Сүрөт: president.kg




