Кара-Кулжанын “Жүлгүр” жайлоосунда кар көчкү басып калган жарандын сөөгү табылды

  • 2 недели мурун

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы “Жүлгүр” жайлоосунда кар көчкү басып калып изделип жаткан 37 жаштагы жарандын сөөгү куткаруучулар тарабынан табылды.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Издөө иштерине жалпы 229 адам тартылган. Алардын ичинде ӨКМден 19 куткаруучу дрону менен, Коргоо министрлигинен 3, ИИМден 4, Кара-Кулжа айыл аймагынан 3 кызматкер, 1 жүктөгүч жана 1 грейдер, жергиликтүү тургундардан 200 адам чыкты.

Маалыматта айтылгандай, 31-январь күнү жергиликтүү жарандардан турган топ жайлоого мергенчилик кылууга барышып, ошол учурда кар көчкү жүрүп, натыйжада 37 жаштагы тургунду басып калган.

ӨКМ ашууларда кар көчкү жүрө турган учурларда эскертип келет. Январдын аягында да ашууларда кар көчкү түшөрүн, сак болууну эскерткен.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты