Бишкек – Ош жолуна кар көчкү түштү. Жол тазаланууда
- 3 недели мурун
Бүгүн, 28-январда болжол менен саат 12:20 чамасында Бишкек-Ош автожолунун 247+500 чакырымына түштү. Бул тууралуу транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди.
Учурда каттам убактылуу эки тараптуу жабык. Кар көчкү тазаланууда. № 23 Жол тейлɵɵ ишканасы тарабынан жерине техника тартылып, тазалоо иштери жүрүп жатат.
Бүгүн, 28-январда болжол менен саат 12:20 чамасында Бишкек-Ош автожолунун 247+500 чакырымына түштү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратып, 27-январдан 29-январга чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек—Ош унаа жолунун 198-255 чакырымдары (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Каракол—Эңилчек унаа жолунун 45-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөрүн эскерткен.
Сүрөт: Транспорт министрлиги




