Кара-Кулжада өзгөчө кырдаал режими алынды   

  • 1 месяц мурун

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айыл аймагында таза суу берүү калыбына келтирилип, кырдаал турукташкандыгына байланыштуу “Өзгөчө кырдаал режими” алынды.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Маалыматта айтылгандай, мындай чечим Ылай-Талаа айыл аймагынын башчысынын 2025-жылдын 2-январындагы буйругунун негизинде кабыл алынды.

Суук аба ырайынан улам суу тоңуп, түтүктөр жарылып, жергиликтүү тургундар үчүн таза суу үзгүлтүккө учурагандыгына байланыштуу түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу максатында 2024-жылдын 18-декабрындагы буйругунун негизинде Ылай-Талаа айыл аймагынын Токбай-Талаа айылына «Өзгөчө кырдаал режими киргизилген болчу.

Сүрөт: Өзгөчө кырдаал киргизилгенде. ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты