Кара-Кулжанын Токбай-Талаа айылында таза суу берүү үзгүлтүккө учурап, өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

  • 1 год мурун

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айыл аймагынын Токбай-Талаа айылына «Өзгөчө кырдаал режими” киргизилди.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министлиги (ӨКМ) билдирди.

Маалыматта айтылгандай, мындай чечим жергиликтүү тургундар үчүн таза суу үзгүлтүккө учурагандыгына байланыштуу, түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу максатында 18-декабрындагы буйругунун негизинде кабыл алынды.

Токбай-Талаа айылына 8 чакырымдай алыстыктан таза суу тартылып келген түтүктөр сууктан улам тоңуп, 380 метр суу түтүкчө иштен чыгып калгандыктан бир топ күндөн бери суу жетпей калган. Буга байланыштуу Кара-Кулжа району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүүчү унаасы жергиликтүү калкка суу жеткирүү кызматын көрсөтүүдө.

Таза суу системасы менен 4581 адам жашаган 894 кожолук, мектеп, бала бакча камсыздандырылат.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты