Кар көчкү алдында калган адамдарды издөөгө 53 куткаруучу тартылды  

  • 2 года мурун

Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад альтернативдик унаа жолунунун 332-чакырымында жана 338-чакырымында Көк-Арт ашуусу тарапта (тоннелдин түштүк жана түндүк тарабы) кар көчкү түшкөн аймакта дайынсыз болуп жаткан 4 киши изделүүдө.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.  

Изделип жаткандар  1998-жылы туулган К.А., 1978-жылы туулган С.С., 1979-жылы туулган Х.Я., 1987-жылы туулган Л.Д. Булардын үчөө кытай жарандары, алардын баары “Чайна Роуд” кытай ишканасынын кызматкерлери.

ӨКМдин соңку маалыматтарына караганда, издөө иштерине жалпысынан 53 куткаруучу тартылды. Издөө иштерин өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Э.Кулматов көзөмөлгө алып, ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы А.Закиров, Жалал-Абад шаардык жана Сузак райондук бөлүмүнөн 12 куткаруучу, республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 20 куткаруучу жана 1 кинолог, №2 өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан 10 куткаруучу, гидрометеорология кызматынан 4 кызматкер, кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан атайын көчмө башкаруу унаасы менен ыкчам топ 4 адам, жалпы 53 куткаруучу тартылган.

Ал эми жол куруу менен алектенген “Чайна Роуд” ишканасынан 5 жүктөгүч, 1 экскаватор, 1 бульдозер атайын техникасы тартылган. Мындан тышкары чек ара кызматынан 1 кызматкер жана 2 кинолог, тез жардам кызматынан 1 бригада тартылган.

Маалыматка ылайык, бүгүн Түндүк-Түштүк (Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад) альтернативдик унаа жолундагы тоннелдин түндүк тарабына изилдөө жана издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, унаа жолдун 331-333-чакырымынан 10000 м3 кар көчкү тазаланган. 14-февралдан тарта түшкөн кар көчкүнүн тазаланган жалпы көлөмү 170 800 м3 түзөт.

Кар көчкү алдында калгандар 14-февралдан бери изделүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин 18-февраль күнү изделип жаткан 1998-жыл туулган жигиттин апасы «ПолитКлиника» медиасына кайрылып, ӨКМдан куткаруучулар келбей жатканын айткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты