Шашылыш билдирүү: Ашууларда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

  • 1 месяц мурун

15-апрелден 19-апрелге чейин ашууларда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.

«15-апрелден 19-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 326-349-чакырымдарында, Көк-Арт ашуусунда жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 70-90-чакырымдарында,  Чоң-Ашууда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл» деп айтылат маалыматта.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты