ӨКМ: Тоолуу райондордо кар көчкү күтүлөт

  • 3 недели мурун

25-апрелден 30-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүүсү күтүлөт.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Бишкек–Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда, Балыкчы–Казарман–Жалал-Абад унаа жолунун Көк-Арт ашуусунда жана Каракол–Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңушу мүмкүн.

Айдоочуларга унаалардын ортосундагы аралыкты 500 метрден кем эмес сактоо зарылдыгы эскертилди.

Өзгөчө кырдаал жаралган учурда “112” номерине ыкчам түрдө чалуу сунушталат.

Иллюстрациялык сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты