Кар көчкү алдында калгандар изделүүдө   

14-февралда «Түндүк-түштүк» (Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад) альтернативдик унаа жолунун 326-чакырымынан 346-чакырымына чейинки аралыкта 25 жерден кар көчкү түшүп, (8 чоң, 17 кичи) “Чайна Роуд” ишканасынын 4 кызматкерин басып калган. Алар дагы эле изделүүдө.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирди.

Кырдаалга байланыштуу Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү — Жалал-Абад облустук жарандык коргонуунун башчысынын буйругуна ылайык, Сузак жана Тогуз-Торо райондорунун аймагына IV даражадагы «Өзгөчө кырдаал» режими киргизилген.

Маалыматка ылайык, кар көчкү түшкөн аймакта 4 адам (1998-жылы туулган К.А.; 1978-жылы туулган С.С.; 1979-жылы туулган Х.Я.; 1987-жылы туулган Л.Д.) дайынсыз болууда. Алардын ичинен үчөө Кытай жараны экендиги белгилүү болду.

ӨКМдин Сузак райондук бөлүмүнүн кызматкерлери жана Таш-Көмүр шаарындагы 2-өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан 10 куткаруучу жана ӨКМдин алдындагы гидрометеорология агенттигинин 4 кызматкери, ошондой эле дайынсыз болгон (1998-жылы туулган К.А.) аттуу жарандын туугандарынан 30 жаран, Сузак РИИБнөн 8 кызматкер, “Чайна Роуд” ишканасынан 20 кызматкер тартылып, издөө иштери уланууда,- деп билдирди ӨКМ басма сөз кызматы.

Ал эми кар көчкү алдында калгандар эмнеге табылбай жаткандыгын айтып, жергиликтүү калк нааразы болууда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты