“Каприз” пансионатындагы жана “Каприз” мейманканасындагы мамлекеттин үлүшү сатылды

  • 5 месяцев мурун

Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Каприз” пансионатындагы жана Каракол тоо-лыжа базасындагы “Каприз” мейманканасындагы мамлекеттин үлүшү сатылды.

Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк фондусунун басма сөз кызматы «ПолитКлиника» медиасына билдирди.

Маалыматка караганда, “Каприз”  жоопкерчилиги чектелген коомдогу мамлекеттик үлүш 106 830 246 сомго, ал эми “СК Ресурс” ЖЧКсындагы үлүш 41 млн 750 миң сомго бааланды.

«Каприз» ЖЧКны уюштуруучу болгон адамдар эле мамлекеттин үлүшүн сатып алышкан. «Каприз» ЖЧКсына Костин Александр Владимирович менен Синьков Константин Вячеславович ээлик кылат, ал эми «СК Ресурс» ЖЧКсындагы мамлекеттин үлүшү кимдердин колуна өткөнү азырынча айтылган жок.

Буга чейин мамлекет Ысык-Көлдөгү «Каприз» эс алуу борборунда ээлик кылган 28% акциясын сатууну пландап жатканы маалымдалган. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун (ММБФ) төрагасы Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин 2-февралдагы жыйынында билдирген.

Анын айтымында, мамлекет бул акцияга ээ болгон жылдардын ичинде бир тыйын дагы дивидент алган эмес. Бакиров мунун себебин «Каприздин» башка акционерлери банктардан насыя алып алганы менен түшүндүрдү. Ошондой эле Бакиров аны баасы бар учурунда сатып жиберген туура экенин белгилеген.

«Ошол банктын кредитин жабабыз деп пайда көрсөтпөйт. Ошондуктан мамлекеттин үлүшүн сатып алгыла деп менчиктештирүүгө киргизип жатабыз» деген мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы.

«ПолитКлиника» медиасы «Бакиевдердин мурдагы бизнес өнөктөштөрүнүн айланасындагы күмөндүү жагдайлар» аттуу иликтөөсүндө Ысык-Көлдүн жээгиндеги «Каприз» пансионатын жана Караколдогу «Каприз» мейманканасын башкарган компания тууралуу сөз кылган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 2022-жылы Ысык-Көл облусунун аймагында кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарып алуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул иш боюнча бир нече адам шектелип кармалганы, алардын ичинде “СК Девелопмент” компаниясынын жетекчиси Алексей Конев да бар экени кабарланган. 

“ПолитКлиника” бул иликтөөсүндө Алексей Коневдин жана ал жетектеген “СК Девелопмент” компаниясынын айланасындагы күмөндүү жагдайларга президент Садыр Жапаровдун баласы Рустам Жапаровдун жана президенттин жакын адамы деп айтылып келген Арзыбек Буркановдун кандай байланышы бар экендигин айтып берет. 

“СК Девелопмент” компаниясы Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Каприз” эс алуу жайынын жана Каракол тоо лыжа базасындагы “Каприз” мейманканасын да курган эле. Алар аталган эс алуу жайларын азыркы күнгө чейин башкарып келишет. Эске салсак, Убактылуу өкмөт өзүнүн №95 декрети менен Бакиевдердин “Каприз” эс алуу жайындагы жана “Каприз” мейманканасындагы үлүштөрүн да улутташтырган. Мындан улам “СК Девелопмент” убагында Бакиевдер менен бизнес өнөктөш болгон деп айтууга негиз бар. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты