Мамлекет «Каприз» пансионатындагы өз үлүшүн сатууну пландап жатат

  • 1 год мурун

Мамлекет Ысык-Көлдөгү «Каприз» эс алуу борборунда ээлик кылган 28% акциясын сатууну пландап жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун (ММБФ) төрагасы Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин 2-февралдагы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мамлекет бул акцияга ээ болгон жылдардын ичинде бир тыйын дагы дивидент алган эмес.

Бакиров мунун себебин «Каприздин» башка акционерлери банктардан насыя алып алганы менен түшүндүрдү.

«Ошол банктын кредитин жабабыз деп пайда көрсөтпөйт. Ошондуктан мамлекеттин үлүшүн сатып алгыла деп менчиктештирүүгө киргизип жатабыз», — деди мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы.

Ошондой эле Бакиров аны баасы бар учурунда сатып жиберген туура экенин белгиледи.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты