Бакиевдердин мурдагы бизнес өнөктөштөрүнүн айланасындагы күмөндүү жагдайлар

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 2022-жылы Ысык-Көл облусунун аймагында кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарып алуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Бул иш боюнча бир нече адам шектелип кармалганы, алардын ичинде “СК Девелопмент” компаниясынын жетекчиси Алексей Конев да бар экени кабарланган. 

“ПолитКлиника” бул иликтөөсүндө Алексей Коневдин жана ал жетектеген “СК Девелопмент” компаниясынын айланасындагы күмөндүү жагдайларга президент Садыр Жапаровдун баласы Рустам Жапаровдун жана президенттин жакын адамы деп айтылып келген Арзыбек Буркановдун кандай байлынышы бар экендигин айтып берет. 

УКМК козгогон кылмыш ишинде айтылып жаткан мүлктөр Ысык-Көлдүн Булан-Сөгөттү айылында жайгашкан “Аврора Плюс” эс алуу жайы.

Андагы коттедждер 300 миң доллардын тегерегинде бааланарын президент Садыр Жапаров буга чейин айткан эле. Бул эс алуу жайы убагында Бакиевдерге таандык болуп, 2010-жылы улутташтырылган болчу. Бирок кийин ал коттедж батирлердин көпчүлүгү мамлекеттик менчиктен чыгарылып кеткендиги айтылат. 

2022-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Алексей Коневди “Аврора плюс” эс алуу жайындагы коттедж батирлердин бир бөлүгүн легалдаштырууда жасалма жарандык-укуктук келишимдерди түзүү жолу менен кылмыштуу топко түздөн-түз көмөк көрсөткөн деп айыптаган.  

“2022-жылдын 5-февралында аталган адамдардын тобуна кыймылсыз мүлк объектилеринин бир бөлүгүн легалдаштырууда жасалма жарандык-укуктук келишимдерди түзүү жолу менен түздөн-түз көмөк көрсөткөн “СКД” ЖЧКсынын жетекчиси “К.А.В.” кармалып, 2022-жылдын 7-февралында ага карата Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан тергөө учурунда камакка алуу түрүндө чечим кабыл алынды”.

“СК Девелопменттин” жетекчиси Алексей Коневден кылмыш ишине байланыштуу комментарий алууга аракет кылганыбызда ал чет өлкөдө жүргөндүгүн компаниянын өкүлү билдирди. 

“Ал азыр чет өлкөдө. Келгенде байланышкыла”, — “СК Девелопмент” компаниясынын өкүлү. 

Биринчи Май райондук соту билдиргендей, Алексей Конев аталган кылмыш ишинин алкагында камакка алынып, 2022-жылдын 5-апрелинде анын камакта кармоо түрүндөгү бөгөт чарасы эч жакка кетпөө талабына өзгөртүлгөн.

Бирок эч жакка чыкпоо талабы менен Конев кандайча чет өлкөгө чыгып кеткендигин аныктоо мүмкүн болгон жок. Ал эми Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы тергөөнү жүргүзүп жаткан органдан уруксат алуу менен чыга аларын билдирди. 

Тергөөнү жүргүзүп жаткан УКМК кылмыш иши боюнча маалымат берүүдөн баш тартты. 

Кызыгы, Алексей Конев ага кылмыш иши козголгондон кийин жогоруда айтылган “СК Девелопмент” компаниясындагы 50% үлүшүн президент Садыр Жапаровдун баласы Рустам Жапаровдун жакын досу Элдос Усенбековго 500 сомго өткөрүп берет. 

2022-жылы компания экинчи жолу кайра каттоодон өтүп, негиздөөчүлөрдүн курамына президенттин жакын адамы Арзыбек Буркановдун бир тууган кайын эжеси Гульбара Бокушова да кошулуп калган.  

Бакиевдердин мурдагы бизнес өнөктөштөрүнүн айланасындагы күмөндүү жагдайлар

Кылмышка шектүү Алексей Коневдин компаниясынын үлүштөрүн өткөрүп берүүсү күмөн жаратат. Мындай жагдайлардан улам “кылмыш жоопкерчилигинен качуу аракетинде көмүскө соодалашуу болгонбу?” деген суроо жаралат. 

2023-жылдын 14-июнунда Бишкектин Биринчи май райондук соту аталган кылмыш ишиндеги башка фигурант Вадим Чикунаевге өкүм чыгарды. Соттон ага тийиштүү бир нече мүлк мамлекетке чегерилгенин билдиришти. Ал эми Алексей Коневдин үстүнөн козголгон кылмыш иши бир жылдан ашык убакыт өтсө да соттун өндүрүшүнө түшө элек экени белгилүү болду. 

Бакиевдердин мурдагы бизнес өнөктөштөрүнүн айланасындагы күмөндүү жагдайлар

“СК Девелопмент” компаниясы президенттин баласы менен анын жакын досун эмнеси менен кызыктырды экен? Талдап көрөлү.

Жогоруда айтылгандай, Алексей Конев “СК Девелопмент” компаниясын жетектейт. “СК Девелопмент” өздөрүн девелопердик компания деп тааныштырып келишет. Алар кайсы бир долбоорду ишке ашырууда башынан аягына чейин катышат, курулган объекттерди ижарага беришет, сатышат, ошондой эле башкарышат. 

Бакиевдердин мурдагы бизнес өнөктөштөрүнүн айланасындагы күмөндүү жагдайлар

Эсиңиздеби, 2010-жылы Бакиевдердин бийлиги кулагандан кийин анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына таандык делген бир нече объект улутташтырылган. Алардын ичинде Бишкектеги “Ала-Арча” резиденциясынын үстүндө жайгашкан “Идеал Хаус” элиталык шаарчасы да болгон. Ошол учурда козголгон кылмыш ишине ылайык, дал ушул “СК Девелопмент” компаниясы Бакиевдердин калкалоосу менен “Идеал Хаусту” мыйзамсыз куруп баштаган. 

“Идеал Хаус” шаарчасы улутташтырылгандан кийин аукционго коюлуп, 2017-жылы “ВостокТехКомплект” ЖЧКсына 151,9 млн сомго сатылган. Бирок бул объект арзан сатылып кеткени айтылып, процесс чыр менен коштолгон эле. 

Кызыгы, 2020-жылы шаарчанын курулушу жанданып, аты “Сейил” деп өзгөртүлгөн. Аны кайрадан “СК Девелопмент” компаниясы куруп, кымбат баада сатууда. Баса, алар “Сейил” шаарчасынын жер тилкесин “Керемет” мамлекеттик банкына күрөөгө коюп, бир нече жолу насыя алышкан. 

Бакиевдердин мурдагы бизнес өнөктөштөрүнүн айланасындагы күмөндүү жагдайлар

“СК Девелопмент” компаниясы Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Каприз” эс алуу жайынын жана Каракол тоо лыжа базасындагы “Каприз” мейманканасын да курган эле. Алар аталган эс алуу жайларын азыркы күнгө чейин башкарып келишет. Эске салсак, Убактылуу өкмөт өзүнүн №95 декрети менен Бакиевдердин “Каприз” эс алуу жайындагы жана “Каприз” мейманканасындагы үлүштөрүн да улутташтырган. Мындан улам “СК Девелопмент” убагында Бакиевдер менен бизнес өнөктөш болгон деп айтууга негиз бар. 

Мындан тышкары, “СК Девелопмент” ЖЧКсы Бишкек шаарында жайгашкан “Виктори плюс” бизнес борборун курууда. Эске салсак, бул курулушка жергиликтүү тургундар каршы болуп келишкендигин бир катар ЖМКлар буга чейин жазып чыгышкан. Ага карабастан, 2021-жылы курулуш иштери кайрадан жанданып, бүгүнкү күндө кызуу жүрүүдө. 

“СК Девелопмент” Ысык-Көлдүн жээгинде эң ири көп функционалдуу комплексин да курууда. Бул комплекстин ичинде беш жылдыздуу мейманкана, виллалар, коттедждер, бассейн, жана 68 гектар жер аянтын ээлеген алгачкы гольф клубу курулуп жатат. Ушул жылдын 29-апрелинде президент Садыр Жапаров курулуштун жүрүшү менен да таанышып кеткен. 

Бакиевдердин мурдагы бизнес өнөктөштөрүнүн айланасындагы күмөндүү жагдайлар

“ПолитКлиниканын” журналисттери “СК Девелопменттин” үлүшүнө  ээ болгон Элдос Усенбеков, Гульбара Бокушова менен байланышып, күмөндүү схемаларга кантип аралышып калгандыгы боюнча суроолорун узатты.

Гульбара Бокушева: “Азыр мен эшикке чыгып алайынчы, бирөөлөр менен сүйлөшүп жаттым эле”. 

Бирок жооп берүүнү убадалаган Гульбара Бокушовадан иликтөө жарыяланганга чейин жооп ала алган жокпуз. 

Ал эми Элдос Усенбеков Рустам Жапаров менен мектептен бери тааныш экендигин, Алексей Конев менен Рустам тааныштыргандыгын ырастады. 

Биз Рустам Жапаров менен дагы байланышууга аракет кылдык. Бирок ал суроолорубузду жоопсуз калтырды. “ПолитКлиника” медиасы иликтөөдө аты аталып жаткан бардык тараптарын пикирин берүүгө даяр экендигин белгилейт. 

Бир ай мурун президент Садыр Жапаров инисинин коррупцияга шектелип кармалышы боюнча комментарий берген.

“Азыр заман башка. Баарына бирдей мамиле. Коррупцияга аралаштыңбы мейли ким болбо камаласың. Мамлекетке канча чыгым келтирсең эки эселеп төлөйсүң, анан чыгасың. Төлөбөсөң жата бересиң. “Менин иним эле” деп камабай койсом башка инилерим да аралаша баштайт да. Кыргызда жакшы сөз бар: «Бирге жаза, миңге сабак» — деп бирдирген президент. 

Эми президенттин баласынын жана жакын досунун айланасындагы адамдардын күмөндүү иштерге аралашуусун тиешелүү органдар тоскоолдуксуз иликтеп, тиешелүү юридикалык баасын берет деп ишенебиз. 

“ПолитКлиника” медиасы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты