Канышай Мамыркулованын сот отуруму дагы жылдырылды

  • 2 недели мурун

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда 26-июнда боло турган эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованын соттук иши дагы жылдырылды.  

Буга прокурордун эмгек өргүүсүндө экендиги себеп болуп, соттук отурум 30-июнга жылдырылды.  

17-июнда Октябрь райондук сотунда белгилүү эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованын иши боюнча белгиленген сот процесси болбой калды. Соттук отурумга эксперттин келбей калгандыгынан улам, сот процесси 26-июнга жылдырылган.  

4-июнда Октябрь райондук сотунда эркин журналист жана активист  Канышай Мамыркулованын иши боюнча соттук отурум өттү. Отурумда эксперт Мамыркулованын соцтармактардагы жазгандары боюнча көрсөтмө берди.

9-апрелде Мамыркулованын кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча Свердлов райондук сотунун отуруму болду. Свердлов райондук соту милиция тарабынан журналисттин кармалышын мыйзамдуу деп тапты.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) милиция кызматкерлери тарабынан 20-мартта Канышай Мамыркулова массалык баш аламандыкка чакырык жасоо жана улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип кармалган.

2025-жылы 22-мартта Бишкек шаарынын Свердлов районунда эркин журналист, активист Канышай Мамыркулованы эки айга камоо чечимин чыгарды. 

Сүрөт: Гүлшайыр Абдирасулованын Фейсбук баракчасынан

  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты