Канышай Мамыркулованын апелляциялык доо арызы боюнча сот отуруму 13-февралга жылдырылды

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаардык сотунда эркин журналист Канышай Мамыркулованын аппеляциялык доо арызы боюнча сот отуруму 13-февралга жылдырылды.

Бул тууралуу Мамыркулованын адвокаты Акынбек Ногоев журналисттерге билдирди.

Маалыматка караганда, сот процессине котормочу кечигип келип, сот кеч башталган, ал эми сот коллегиясынын кийинки отурумдары да болгондуктан, отурум 13-февралга саат 13:00гө жылдырылды.

Канышай Мамыркулованын адвокаты Акынбек Ногоев журналисттерге мындай деди:

-Бүгүнкү күнү Бишкек шаардык соту Канышай Мамыркуловага мыйзамсыз, негизсиз козгогон кылмыш иши боюнча жарыш сөз башталган. Бирок соттук коллегия «убактыбыз жок, башка процесс дайындалган» деп, башка күнгө дайындады. Бүгүнкү процессте дагы бир коллегабыз өзүнүн сөзүн айткан жок, ошого карата 13-февраль саат 13:00гө отурум дайындалды,-деди адвокат Ногоев.

Ал эми Канышай Мамыркулованын иши, жалпы процесс боюнча адвокат буларды айтты:

-Канышай Мамыркуловага мыйзамсыз, негизсиз козголгон кылмыш иши боюнча бүгүн жарыш сөзгө өттүк. Биринчиден, мен позициямды, сот отурумдарында болгон мүчүлүштүктөр боюнча, биздин мыйзамдуу, жүйөлүү, негиздүү өтүнүчтөрүбүздү четке какканы боюнча да сотко айта баштаганда, соттук коллегия менин оозумду жаап, токтотуп койду. Буга коллегам дагы, мен дагы каршы пикирибизди билдирдик, кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 93-беренесинде, жарыш сөз болуп жатканда сот жарыш сөздөргө катышууга эч кандай тоскоолдук көрсөтпөш керек жана аны токтотпош керек. Бул жерде токтотуунун себеби деп, соттук коллегия иштин маңызын айтпай, башка жакка өтүп кеттиңер деген жүйөнү келтирди. Бирок сот отурумунда, жарыш сөздө мыйзамдуу, жүйөөлүү себептерди айтып жатканбыз. Эгерде Канышай Мамыркулованын кылмыш иши боюнча бир гана эксперт Абдыкожоевдин корутундусуна ылайык айыпталып жатса, сот отурумунда эксперт Абдыкожоев «мага материалдар толук берилген эмес» деп айтып жатса, биз ошол боюнча өтүнүчүбүздү келтирсек, бирок сот ага карабастан четке кагып жатса, биз башка эмнени айта алабыз? Ар тараптуулук сакталган жок да, ошону айтып жатканда сот биздин оозубузду жапканга аракет кылды. Буга чейин болуп жаткан видео жазууга уруксатты да токтотуп койду,- деди адвокат Акынбек Ногоев.

2025-жылы 3-июлда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда Канышай Мамыркулованы 6 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Жазанын 4 жылын пробациялык көзөмөл режиминде өтөмөй болду. Журналист сот залынан бошотулган.

Адвокаттардын айтымында, Канышай Мамыркулова 4 жыл пробациялык көзөмөлдө болсо, жазасын толук өтөгөн катары эсептелет.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) милиция кызматкерлери тарабынан 2025-жылы 20-мартта Канышай Мамыркулова Фейсбуктагы билдирүүлөрү үчүн массалык баш аламандыкка чакырык жасоого жана улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип кармалган.

Сүрөттөр: «ПолитКлиника». Бишкек шаардык соттогу сот отуруму учурунда. 10-февраль 2026-жыл.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты