Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду

  • 8 месяцев мурун

Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Жарлыкта Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинин 146-беренесине ылайык, тапшырылган эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн бошотулганы айтылат.

Каныбек Иманалиев мындан алты ай мурун билим берүү жана илим министри болуп дайындалган.

1-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билим берүү жана илим министрлигинин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиевдин министрлик кызматка талапкерлиги жактырылган.

Каныбек Иманалиевдин ордуна Уланбек Усеков КР билим берүү жана илим министринин милдеттерин убактылуу аткаруучу болуп дайындалды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты