Спикер сунуштаган. Каныбек Иманалиевдин министрликке талапкерлиги парламентте жактырылды       

  • 1 год мурун

Бүгүн, 1-мартта, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билим берүү жана илим министрлигинин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиевдин министрлик кызматка талапкерлиги каралды жана жактырылды.

Каныбек Иманалиевге бул кызматка сизди ким сунуштады деген суроого «спикер Нурланбек Шакиев» деп жооп берди.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын 77 добушу менен билим берүү жана илим министрлигине Каныбек Иманалиевдин талапкерлиги жактырылды.

Каныбек Иманалиев президенттин жарлыгы менен билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты