Канат Табалдиев УКМКнын Ош шаары жана облусу боюнча башкармалык жетекчиси кызматына киришти
- 4 дня мурун
Бүгүн, 3-мартта, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев облустук мекеме-ишканалардын жетекчилерине УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына жаңы дайындалган жетекчиси Канат Табалдиевди тааныштырды.
Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Ош шаарынын мэри Жанар Акаев, алардын орун басарлары, ошондой эле облустук укук коргоо органдарынын жетекчилери катышып, Канат Табалдиевдин жаңы кызматында ийгиликтерди каалады.
Буга чейин Канат Табалдиев Улуттук коопсуздук органдарында иштеген, жакында Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким кызматынан бошотулган.
Сүрөт: Канат Табалдиев. Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүк




