Кара-Суу жана Тогуз-Торо райондорунун акимдери кызматтан бошотулду
- 2 недели мурун
Ош облусунун Кара-Суу районунун жана Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондорунун акимдери кызматтан бошотулду.
Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине ылайык Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Канат Табалдиев, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Манас Мураталиев өз арызы менен кызматтан бошотулду.
Бул тууралуу тиешелүү тескемелерге Садыр Жапаров кол койгондугу тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.
Сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




