Ботаникалык бакка футбол ойногону эмес, эс алууга барышат. Депутат Бекешев бакка футбол аянтын куруу демилгесин сындады
- 4 недели мурун
Бүгүн, 14-январда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев Ботаникалык бакка стадион куруу демилгесин сындап, бул боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылды.
-Кыргызстандагы Ботаникалык бак Бишкекте жана Нарында бар. Бишкекте Ботаникалык бак эки жерде жайгашкан, Ахунбаев көчөсүнөн 12-кичи районго чейин жана Горький көчөсүндө. Чындыгында Ботаникалык бак Бишкек үчүн абдан керек. Бул тууралуу коргоого алынган жаратылыш аймактары тууралуу мыйзамда да айтылат. Ботаникалык бак илимий иштер үчүн, эндемикалык ар кыл өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн түзүлгөн. Бирок Ботаникалык бакта эмне кылып жатышат? Биз 2022-жылы 11-майда Ботаникалык бакты сактоо жана өркүндөтүү боюнча токтом кабыл алганбыз. Анда эмне кылуу керек жана Ботаникалык бакты кантип өркүндөтүү керектиги жазылган. Мен чет өлкөлөргө барганда, андагы Ботаникалык бак кантип өнүгүп жатканын билүү үчүн кирем. Бардык жерде өсүмдүктөрдү өстүрүп, көбөйтүшүүдө. Бизде болсо, Ботаникалык бакка футбол талаасын курганы жатышат. Өзгөчө коргоого алынуучу жерлер тууралуу мыйзамда Ботаникалык бак био ар түрдүүлүктү көбөйтүү үчүн жана илимий иштерди жүргүзүү үчүн өстүрүлөрү жазылган. Ал эми ал жакка футбол талаасы курула турган болсо, кайсы био ар түрдүүлүк тууралуу сөз болушу мүмкүн? Албетте футбол талаасы керек, менден үйдүн короолоруна, башка жактарга футбол аянтчасын уюштуруу өтүнүчү менен кайрылышат. Мен футболдун өнүгүшүн колдойм. Бир да футболист Ботаникалык бакта футбол талаасын курууну суранбаса керек. Ботаникалык бак футбол талаасын уюштуруу үчүн түзүлгөн эмес. Келгиле, футболду Ботаникалык бактан бөлүп карайлы. Ботаникалык бак бишкектиктерге эле эмес, бүтүндөй кыргызстандыктарга керек. Ал жакка канча адамдар: шаардыктар, пенсионерлер, ат-энелер балдары менен барышат. Ботаникалык бакка футбол ойноого барышпайт. Келгиле, мен сиздерге футбол талаасын кура турган жерди көрсөтүп берейин. Мен президенттен ушуга көңүл бурууну өтүнөм, -деди депутат Дастан Бекешев.
Ботаникалык бакка өзгөчө коргоого алынуучу жай макамы ыйгарылган. Ал жакка футбол аянтын куруу демилгеси жүрүп жатканы коомчулукта сынга алынууда.
Иллюстрациялык сүрөт: Ботаникалык бак




