Камчыбек Ташиев жогорку лиганын футбол клубдарынын жетекчилери менен жолугушту

  • 7 месяцев мурун

Бүгүн, 17-ноябрда, Кыргыз футбол биримдигинин (КФБ) президенти Камчыбек Ташиев Кыргыз Республикасынын жогорку лигасына катышкан футбол клубдарынын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.

Жыйынга КФБ, КПФЛ жетекчилиги жана «Дордой» (Бишкек), «Алга» (Бишкек), «Илбирс» (Бишкек) , «Бишкек Сити»(Бишкек),  «Азиягол» (Бишкек) , «Кыргызалтын» (Кара-Балта ), «Абдыш-Ата» (Кант), «Талант» (Беш-Күңгөй , Нефтчи (Кочкор-Ата ), «Мурас Юнайтед» (Манас шаары), «Өзгөн» (Өзгөн ), «Алай» (Ош), «ОшМУ» (Ош , «Барс» (Каракол ш.), «Токтогул» (Токтогул шаары), «Азия» (Талас шаары) футбол клубдарынын жетекчилери катышты.

Келээрки футбол сезонуна карата жогорку лигага катышкан клубдардын саны толукталды. Эске салсак, 2025-жылкы сезондо өлкөнүн башкы чемпионатында 14 клуб ойногон. Улуттук лигадан премьер-лигага жолдомо алган «Токтогул» (Токтогул шаары) футбол клубунан кийин, чемпионатка Талас шаарын өкүлчүлүк кылган «Азия» клубу да расмий кошулду. Талас шаарынын «Азия» клубун түзүү боюнча КФБнын демилгесин Өмүрбек Бабанов колдогон. Муну менен биринчиликте ойной турган клубдардын саны 16га жетти.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз кесиптик футбол лигасынын 2025-жылкы сезон боюнча отчету, Кыргыз футбол биримдигинин футбол инфратүзүмүн өнүктүрүү боюнча отчету угулду.

Андан сырткары, жыйын учурунда чемпионаттардын аталыштарын өзгөртүү боюнча чечим маалымдалды. Чечимге ылайык, «премьер-лига» «жогорку лигага», ал эми «улуттук Лига» — «биринчи лигага» өзгөртүлдү.

Ал эми, жаңы сезондон тарта биринчи лиганын жеңүүчүсү жогорку лигага түз жолдомо алса, анда акыркы — 16-орунду ээлеген команда биринчи лигага түшөт. Аталган жаңыртуу да жыйын катышуучуларына маалымдалды.

Сүрөт: КФБ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты