Өмүрбек Бабанов “Азия” футбол клубун түздү

  • 2 месяца мурун

Ишкер жана саясатчы, Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Өмүрбек Бабанов “Азия футбол клубун түздү. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги (КФБ) билдирди.

“Өлкөнүн башкы чемпионатына Талас шаарын өкүлчүлүк кылган «Азия» клубу расмий кошулду. Муну менен биринчиликте ойной турган клубдардын саны 16га жетти.  «Азия» клубун түзүү боюнча КФБнын демилгесин Өмүрбек Бабанов колдогон. Талас шаарынын Борбордук стадионунда курулуш иштери жүрүүдө. Ал келечекте «Азия» футбол клубунун үй аренасы болуп калат” деп айтылат маалыматта.

Кыргыз футбол биримдиги «Азия» клубуна жаңы футбол сезонунда ийгиликтерди каалайт. Келээрки футбол сезонуна карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Лигасынын (эски аталышы — премьер-Лига) катышуучуларынын саны толукталды.

2025-жылкы сезондо өлкөнүн башкы чемпионатында 14 клуб катышкан.

Сүрөт: Өмүрбек Бабанов. КФБ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты