Конституциялык соттун чечими: Президенттик шайлоо 2027-жылы 24-январда өтүшү керек

  • 3 недели мурун

Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу Конституциялык мыйзамынын 10-главасына ылайык, 2027-жылдын төртүнчү жекшембисинде же 2027-жылдын 24-январында өткөрүүгө туура келет. Ал эми Жогорку Кеңеш тарабынан шайлоону дайындоо күнү добуш берүүгө төрт ай калганда же 2026-жылдын 24-сентябрынан кечикпей белгилениши керек.   

Бул тууралуу Конституциялк сот бүгүн, 17-февралда президенттин президентти шайлоону мөөнөтү боюнча түшүндүрмө берүүсүнө расмий чечим кабыл алды.

Ошону менен президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өткөрүлбөй турган болду.

«Ошентип, 2021-жылдагы Конституциянын 67-беренесинде белгиленген ыйгарым укуктардын беш жылдык мөөнөтү 2010-жылдагы Конституциянын колдонуу учурунда башталган президенттик мандатка жайылтылбайт: башталган мөөнөт баштапкы белгиленген узактыкта – алты жылда аякташы керек. Ошол эле учурда учурдагы Президент өз ыйгарым укуктарын 2021-жылдагы Конституцияга ылайык улантууда, ал эми анын алты жылдык мөөнөтү «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык эки мөөнөт жөнүндөгү эреже боюнча биринчи мөөнөт катары эсептелет» деп билдирди Конституциялык сот.

«Конституциялык сот жогоруда аталган мыйзамда камтылган өткөөл жоболор Конституциянын негизги тексти менен бирдей юридикалык статуска ээ экенин белгилейт. Бул алардын Конституция менен бир убакта бир эле уюштуруучу акт менен — референдумдун жыйынтыктарынын негизинде кабыл алынгандыгы менен байланыштуу. Өткөөл жоболор Конституция менен органикалык түрдө бириктирилген жана бирдей жогорку юридикалык күчкө ээ. Демек, өткөөл жоболорду караган мыйзам кадимки мыйзам менен бирдей негизде каралышы мүмкүн эмес».

«Мөөнөтүнөн мурда шайлоолор бөлүгүндө Конституциялык сот президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү боюнча коомдук талкуулардын болушу мөөнөтүнөн мурда шайлоо циклинин конституциялык негиздерин түзбөй турганын же алмаштырбай турганын баса белгилейт.

Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо мандатты түзөтүү ыкмасы болуп саналбайт, ал 2021-жылдагы Конституциянын 72-беренесинин 1-бөлүгүндө (мурунку режимде – 2010-жылдагы Конституциянын 66-беренесинин 1-бөлүгүндө) толук тизмектелген негиздер: арызы боюнча кызматынан кеткенде, белгиленген тартипте кызматтан четтетилгенде, оорусуна байланыштуу ыйгарым укуктарын аткара албай калганда же каза болгон учурда гана мүмкүн.

Бул негиздердин тизмеси жабык; ар кандай кеңейтилген чечмелөө Конституцияда каралбаган ыйгарым укуктарды токтотуунун негиздерин киргизүүнү билдирет жана конституциялык эмес болуп саналат. Мындай негиздер жок болгон учурда мөөнөтүнөн мурда өткөрүү сценарийи юридикалык жактан жол берилбейт, кезектеги шайлоо циклинин режими колдонулат.

«Кыргыз Республикасынын президентинин кезектеги шайлоосу «Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-главасына ылайык 2027-жылдын январь айынын төртүнчү жекшембисинде (2027-жылдын 24-январында) өткөрүлөт жана аларды дайындоо Жогорку Кеңеш тарабынан добуш берүү күнүнө чейин төрт айдан кечиктирилбестен (2026-жылдын 24-сентябрынан кечиктирилбестен) жүргүзүлүүгө тийиш».

17-февралда Конституциялык сот президенттин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын айрым беренелерин кароого киришкенин билдирген.

Садыр Жапаров Конституциялык сотко Конституция боюнча президенттик шайлоо мөөнөтү тууралуу расмий түшүндүрмө берүү өтүнүчү менен кайрылган. Маалыматта айтылгандай, президент Садыр Жапаров Конституциянын 67-беренеси, 68-беренесинин 2-бөлүгүнүн абзацы, 72-беренесинин 1-бөлүгү ( 2021-жылдын 5-майындагы мыйзамдын редакциясы) жана алардын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын нормаларына ылайык өз ара системалуу байланышы (Конституциянын 2010-жылдын 27-июнундагы редакциясы) жана 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган 2011-жылдын 11-апрелиндеги Конституция тууралуу мыйзамынын жоболору боюнча президентти шайлоо жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо тартиби боюнча расмий түшүндүрмө берүүнү өтүндү.

Конституциялык сот жөнүндө конституциялык мыйзамга ылайык, Конституциялык сот Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын укук мураскери, конституциялык контролду жүзөгө ашыруучу сот бийлигинин жогорку органы болуп саналат, Конституциялык сот бардык башка коомдук бийликтен көз карандысыз жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына гана баш ийет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты