Интимдик кызмат көрсөтүү жайлары аныкталып, уюштуруучулары кармалды  

  • 5 месяцев мурун

26-ноябрга караган түнү Бишкек шаарында массаж салонунун атына жамынган 10 сойкукана аныкталды жана алардын уюштуруучулары кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.  

Маалыматта айтылгандай, ал жайлардын уюштуруучулары жана 18 жаштан 30 жашка чейинки жеңил ойлуу 70 кыз-келин кармалган. Кармалгандардын арасында жогорку окуу жайлардын студенттери да бар.

Сойку жайларында администратор иштеп, алар иштөө убактысын жана кардарлардын эсебин алып турганы аныкталды.

Аталган жайларды тинтүү учурунда бул мекемелердин ишин ачык көрсөткөн интимдик мүнөздөгү ар кандай буюмдар табылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинде (сойкулук менен алектенүү же ыплас иштерге көмөктөшүү, же сутенердук кылуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же кармоо) каралган кылмыш иштинин алкагында сойкуканалардын 10 уюштуруучусу кармалды. Алар Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Тергөө иштери улантылып жатканы белгиленди.     

УКМК басма сөз кызматы тараткан сүрөт   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты