Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун эки мүчөсү кармалды
- 2 месяца мурун
Каракол шаарынын Жеша каймана аты бар Камчы Көлбаевдин (К. Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Т.Ж.Ж. аттуу жаран кармалды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Мындан тышкары, Камчы Көлбаевди жеке кайтарууда турган М.Н.К. аттуу жаран жогоруда аталган уюшкан кылмыштуу топтун мыйзамсыз ишине катышкан деген шек менен кармалды.
Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча Т.Ж.Ж. жана М.Н.К. Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Атайын кызмат 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы