Камчы Көлбаевдин кылмыштуу кирешелерин адалдоого тиешеси бар делген жаран кармалды

  • 4 месяца мурун

Камчы Көлбаевдин кылмыштуу кирешелерин легалдаштыруу фактысына байланыштуу Кыргызстандын жараны В.Р.Г. кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, жазык-процесстик кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүндө (кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)) боюнча каралган кылмышты жасаган деп айыпталып жаткан жаран 8-январда УКМК тарабынан Камчы Көлбаев тарабынан кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизинде ыкчам- тергөө иш-чараларынын алкагында кармалган.

Шектүү жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Аталган В.Р.Г. К.Асанбектин кылмыштуу аракеттерин билип, 2016-жылдан бери кылмыш жолу менен табылган акча каражаттарын мыйзамдуу деп көрсөтүү менен алектенип, ошондой эле К.Асанбекке таандык болгон төмөнкү ири объектилердин курулушуна биргелешип катышкан: «Березка» мончо комплекси, «Барс» эс алуу борбору, «Каганат Резорт» эс алуу борбору, Чолпон-Ата шаарындагы «Ордо» соода борбору, ошондой эле «Сейил» шаарчасындагы коттедждер.

 УКМК тарабынан К.Асанбекке тиешелүү мүлктөрдү аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Атайын кызмат 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызмты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты