Камчы Көлбаев үчүн өч алуу максаты менен келген өзбекстандык жарандар Мекенине өткөрүлдү

  • 10 месяцев мурун

«Мыйзамдагы ууру» К.Асанбек (Кɵлбаев) үчүн ɵч алуу максатында Ɵзбекстандан атайын үч адам чек ара эрежесин бузуп, Кыргызстанга киргенде кармалганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы 14-октябрда билдирди.

Булар Ɵзбекстанда бир канча адамдарды ɵлтүргɵндүгү аныкталып, ал жакта да издɵɵдɵ жүрүшкɵн Ɵзбекстандын жарандары: — Каримбердиев Ойбек Аббос угли, 1997 жылы туулган; — Рустамов Азамат Шухратович, 1996 жылы туулган; — Абдулкаффаров Исламхон Абдусамат угли, 1994 жылы туулган жарандар болуп чыккан.

Алдын-ала суракта берилген кɵрсɵтмɵлɵргɵ ылайык, жогорудагы Ɵзбекстандын жарандары мыйзамдагы ууру К.Асанбектин (Кɵлбаев) ɵчүн алуу үчүн, керектүү адамды жок кылуу буюртмасы криминалдар тарабынан берилгенин билдиришкен. УКМКнын кызматкерлеринин «Альфа» атайын кызматы менен бирге киши өлтүрүүгө аракет кылгандар Бишкек шаарынан кармалышып, 2023 жылдын 13- октябрында Ɵзбекстан тарапка ɵткɵрүлүп берилди.

Атайын кызмат 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты