“Камбар-Ата-1” ГЭСин ишке киргизүү мөөнөтү ТЭН иштелип чыккандан кийин аныкталат

  • 1 год мурун

«Камбар-Ата-1» ГЭСин ишке киргизүүнүн болжолдуу мөөнөтү техникалык-экономикалык негиздеме (ТЭН) иштелип чыккандан кийин аныкталат.

6-январда Кыргыз Республикасынын энергетика министрлигинде Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын энергетика министрлеринин жолугушуусу өткөн. жол картаТараптар «Камбар-Ата-1» ГЭСтин курулушун ишке ашыруу боюнча жол картасынын макулдашуусуна  кол коюшту.
 «Камбар-Ата-1» ГЭСтин курулушун ишке ашыруу боюнча жол картасына Кыргыз Республикасынын энергетика министри Ибраев Таалайбек, Казакстандын энергетика министри Акчулаков Болат, Өзбекстандын энергетика министри Мирзамахмудов Журабек колду койду.
«Камбар-Ата-1» ГЭСти ишке киргизүүнүн болжолдуу мөөнөтү техникалык-экономикалык негиздеме иштелип чыккандан кийин аныкталат. Бирок КР энергетика министри Таалайбек Ибраевдин айтымында, «Камбар-Ата-1» ГЭСти курууга болгон даярдыктар башталды.  

-“Камбар-Ата-1”  ГЭСин курууга даярдык, жол, көпүрө салуу, электр линияларын тартуу, куруу аянтчалары даярдалууда. Анын кубаттуулугу 1860 МВт” — дейт министр.

Мындан 7 ай мурун Жалал-Абад облусунда “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушуна даярдык иштери башталып, 8-июнда гидротоннель түшчү жерде жардыруу болгон. Ага Президент Садыр Жапаров катышкан.

Президент долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси жана башка жумуштар үчүн бюджеттен 412,8 млн. сом бөлүнгөнүн, дагы 1,5 млрд. сом бөлүп берүү маселеси чечилгенин кошумчалаган. Бул каражат ГЭС курула турган аймакка транспорттук тоннель, Нарын дарыясынын эки жээгин бириктирген көпүрө, электр чубалгыларын жана жумушчулар жашай турган шаарча курууга жумшалары белгиленген.

Сүрөт: minenergo.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты