Президент Жапаров: “Камбар-Ата-1” курулса Борбор Азияга пайдалуу болот

Жалал-Абад облусунда “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушуна даярдык иштери башталып, 8-июнда гидротоннель түшчү жерде жардыруу болду.

Ага Президент Садыр Жапаров катышып, Кыргызстан 30 жыл мурда электр энергиясын экспорттогон өлкө болгонун, азыр тескерисинче электр жарыгын сатып алып жатканын айтты.

Өлкө башчынын сөзүнө караганда, “Камбар-Ата-1” ГЭСи салынып бүтсө, “Камбар-Ата-2” ГЭСинин толук иштешине шарт түзүлөт. Эки ГЭС тең иштесе жалпы кубаттуулугу 1000 мВт жетет.

Президент долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси жана башка жумуштар үчүн бюджеттен 412,8 млн. сом бөлүнгөнүн, дагы 1,5 млрд. сом бөлүп берүү маселеси чечилгенин кошумчалады. Бул каражат ГЭС курула турган аймакка транспорттук тоннель, Нарын дарыясынын эки жээгин бириктирген көпүрө, электр чубалгыларын жана жумушчулар жашай турган шаарча курууга жумшалат.

“Камбар-Ата-1” иштеп калса, Кыргызстанга да, Борбор Азияга да пайдалуу болот. “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушу кошуна мамлекеттердин сугат суу маселесин чечүүгө өбөлгө түзөт жана аймактагы суу энергетикалык балансты турукташтырууга салым кошот”, — деди президент.

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев ГЭСти курууга Казакстан менен Өзбекстан каршы эмес экенин, бул мамлекеттер менен ГЭСтин курулушуна катышуу боюнча сүйлөшүүлөр болгонун, бирок кандайдыр бир келишим жок экенин айтты.

“Камбар-Ата-1” ГЭСи долбоорунун алкагында 2024-жылга чейин инфраструктура иштери жүрөт. ГЭСтин өзүн куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегатын 2028-жылы ишке берүү пландалууда.

ГЭС курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 млрд. кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын ала баалоо боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,4 млрд. кубдан ашуун көлөмдө суу чогултат.

Сүрөттөр: Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты