Камактагы ишкер Имамидин Ташов ачкачылык жарыялаганын айтты (Видео)
- 1 месяц мурун
- Видео
Бүгүн, 14-январда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда ишкер Имамидин Ташовдун иши боюнча соттук отурум өтүп жатат. Анда Ташов кечээ,13-январдан бери, ачкачылык жарыялаганын айтты.
Бул тууралуу сот процессин чагылдыруу барган «ПолитКлиниканын» кабарчысы Жылдыз Джускембаева билдирди.
Имамидин Ташов ачкачылык жарыялоого СИЗО-1 де ага жасалган мамиле себеп болгонун билдирди.
2024-жылы 6-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту ишкер Имамидин Ташовдун камактагы мөөнөтүн 8-февралга чейин узарткан. Сот залында Ташов өзүнө кол салып, мойнун тилип жиберген. Андан кийин аны эс-учун жоготкон абалда тез жардам кызматы менен ооруканага алып кетишкен.
Кайра Бишкектеги №1 тергөө абак жайына алып кетишкен.
Буга чейин да Имамидин Ташов ачкачылык кармап жатканын анын апасы Сайыпжамал Абдукайымова басма сөз жыйынында билдирген.
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн коопсуздук чараларынын натыйжасында 2024-жылы 22-апрелде Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды айылында бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп издөөдө жүргөн кыргыз жараны Имамидин Ташов кармалган.
«Ташов Кыргызстан жана Казакстандын мамлекеттик чек араларын Алматы шаарынан Кара-Балта шаарына чейин мыйзамсыз кесип өтүп, бийликти басып алуу максатында каршылык акциясын өткөрүү үчүн күчтөрдү бириктирүү боюнча убактылуу штаб уюштурууну пландап жаткан жеринен кармалды» деп айтылат УКМК маалыматында.
2023-жылдын 26-октябрында тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча, жазык-процесстик кодексинин 96-беренесинин негизинде «О» ЖЧКсынын ээси Имамидин Ташов кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалган.
“Ар кандай нерсе менен коркутуп көрүштү. Ноябрь айында да мага илешкис иштерди токуп, отуруп, камап да көрүштү, 52 миллион төктүрүштү, сол чөнтөккө 100 миллион бересиң деп араң чыгарышты” деди Имамидин Ташов.


Сүрөт: 14-январь 2025-жыл. «ПолитКлиника» / Жылдыз Джускембаева
Видео: «ПолитКлиника»