Кактус медиа кеңсесинин алдында митинг өттү

  • 2 года мурун

Кыргыз-тажик чек ара маселесин чагылдырууда Kaktus.media сайты тажикстандык ASIA-Plus басылмасынын материалын 27-январда кайталап жарыялаган. Мына ушул материалдын жарыяланышына каршы айрым жарандар бүгүн, 28-январда, митингге чогулду. Чогулгандар айрым эркин ЖМКны, Кактус-медиа басылмасын айыптап чыгышты.

«Бул материалды жарыялоо менен Кактус медиа» чагымчылдыкка барып жатат. Эмнеге тажикстандык сайттын материалын жарыялайт? Болгон окуяны ошол жакка барып чагылдыргыла» дешти чогулгандар.

Ал эми  Kaktus media жарыяланган материал боюнча түшүндүрмө берди:

-27-январда Kaktus.media сайтында чек арадагы абал боюнча  ASIA-Plus тажик басылмасынан материалын көчүрүп жарыялаган.

Материалды көчүрүп жарыялоонун бирден-бир себеби кыргыз коомчулугуна тажик тарап кандай маалыматтык саясатты колдонуп жаткандыгын, Тажикстандын бийлиги катардагы жаранга окуяны кандайча баяндап жатканын көрсөтүү болгон.

Тилекке каршы, бул ой окурмандарга кылдат түшүндүрүлүп берилбей калгандыктан , айрым окурмандар бул материалды Kaktus media материалы катары санап алышкандай болду.

Редакция бул үчүн окурмандарынан кечирим сурайт. Kaktus.media ар дайым кыргыз элинин улуттук кызыкчылыгын көздөйт, -деп айтылат редакциянын маалыматында.

Кактус-медиа басылмасынын өкүлү эки тараптуу пикир бергенин,ошентсе да тажикстандык медиадан көчүрүп басуу боюнча кечирим сураганын билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы 27-январда кечки саат 18:30дар чамасында Тажикстан Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө аймагын бир тараптуу жаап койгонун кабарлаган.

Чек арадагы кагылыштан улам, акыркы маалыматтарда Кыргызстан тараптан 11 адам жабыркаганы белгилүү болду.

Сүрөт: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты