Kaktus.media:  Ар дайым кыргыз элинин улуттук кызыкчылыгын көздөйбүз

  • 2 года мурун

Чек арадагы окуяларды Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттары ыкчам жана объективдүү чагылдырууда. Чек арадагы окуялардын ара-чолосунда айрым адамдар көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарына карата социалдык тармактарда чагымчылык аракеттерди көрүп жатканы байкалууда.

“Көздү ач, кыргызым! Бардык жагынан кысым башталды. Орус, тажик, НПО жана КЛООП окшогон ЖМКлар!  Бириге турган, ынтымакташа турган мезгил бышып өттү.   

“28-январь күнү саат 14:00гө КAKTUSMEDIA агенттигинин чек ара аймагында болуп жаткан окуялар боюнча жасаган кылык-жоругуна каршы митинг өткөрөбүз. Кайдыгер карабаган жарандарды катарыбызга чакырабыз. Дареги: Токтогул Сатылганов көчөсү 90. Өлкөнүн кызыкчылыгы баарынан бийик жана кымбат!” деген билдирүүлөр тарап жатат.

Ал эми  Kaktus media жарыяланган материал боюнча түшүндүрмө берди:

-27-январда Kaktus.media сайтында чек арадагы абал боюнча  ASIA-Plus тажик басылмасынан материалын көчүрүп жарыялаган.

Материалды көчүрүп жарыялоонун бирден-бир себеби кыргыз коомчулугуна тажик тарап кандай маалыматтык саясатты колдонуп жаткандыгын, Тажикстандын бийлиги катардагы жаранга окуяны кандайча баяндап жатканын көрсөтүү болгон.

Тилекке каршы, бул ой окурмандарга кылдат түшүндүрүлүп берилбей калгандыктан , айрым окурмандар бул материалды Kaktus media материалы катары санап алышкандай болду.

Редакция бул үчүн окурмандарынан кечирим сурайт. Kaktus.media ар дайым кыргыз элинин улуттук кызыкчылыгын көздөйт, -деп айтылат редакциянын маалыматында.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы 27-январда кечки саат 18:30дар чамасында Тажикстан Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө аймагын бир тараптуу жаап койгонун кабарлаган.

Чек арадагы кагылыштан улам, акыркы маалыматтарда Кыргызстан тараптан 11 адам жабыркаганы белгилүү болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты