«Кактус медианын» айланасындагы кырдаал боюнча укук коргоочулардын пикири

2022-жылдын 27-январынын кечинде Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара тилкесинде куралдуу жаңжал чыккан. Өлкөнүн Тажикстан менен болгон чек арасынын 972 км узундугундагы айрым участоктору макулдашылбаган бойдон кала берүүдө, ушундан улам кыргыз-тажик чек арасында мезгил-мезгили менен жаңжалдар чыгып турат.

2022-жылдын 27-январындагы кырдаалды чагылдырып жатканда “Кактус медианын” журналисттери өз ишмердүүлүгүнүн алкагында ар кандай булактардан, анын ичинде Баткен облусунун Башкы штабынан, КР УКМКнын Чек ара кызматынан жана КР Саламаттык сактоо министрлигинен түшкөн маалыматтарды жарыялап турушкан. Чек арадагы кырдаал Тажикстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарында кандай чагылдырылып жатканын окурмандарына маалымдоо максатында “Кактус медиа” тажикстандык ASIA.Plus басылмасынын жаңылыгын да чыгарып, баштапкы булакка активдүү гипершилтемени кошуп жарыялаган. Бул жаңылык бир аз убакыттан кийин “Кактус медианын” редакциялык комментарийи болбогондуктан сайттан өчүрүлгөн.

Жаңылык редакциялык комментарийсиз жарыялангандыктан, басылманын кызматкерлери ыкчам түрдө окурмандарынан кечирим сурап, жагдайды түшүндүргөн билдирүү чыгарышкан, бирок ага карабастан журналисттерди каралоо өнөктүгү уланууда:

1.       “Кактус медианын” кеңсесинин алдында ЖМКны жабуу максатында “митинг” өткөрүлдү. Акцияга көп деле адам катышпаганы менен (20га жакын адам чыккан), “Фактчек” басылмасынын журналисттери пикетке чыккандарды аныктай алды: алардын айрымдары социалдык баракчаларында азыркы бийликти колдогону менен белгилүү, ошондой эле бул пикетке катышкандардын кээ бирлери Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду колдогон акцияларга катышканы, ошондой эле аялдардын тилектештик жүрүшүнө каршы өткөн митингге да чыкканы белгилүү болду. Пикетке катышкан башка адамдар тууралуу айтсак, алардын айрымдары митингдин максаты тууралуу суроого жооп берип жатканда ар кандай себептерди айтышкан: кээ бирлери митингге чек ара маселесин чечүүнү талап кылып чыгышканын айтса, башкалары болсо “Кактус медианын” ошол кабарын окубаганын да моюнга алышкан.

2.  Коомдук телерадиокорпорация (КТРК) “Кактус медианы” “чыккынчылыкка” айыптап чыкты. Бирок, ошол эле маалда КТРК, мисалы, “Кактус медиа” маалыматты тажик басылмасына шилтеме берип жарыялаганы тууралуу маанилүү тактоону сюжетке кошкон эмес. Ошондой эле КТРК “Кактус медиа” материалды сайттан ыкчам өчүргөнүн, окурмандарынан кечирим сураганын эч айткан эмес.

3. Төмөнкү үч жагдайга карабастан ЖМКга карата “согушту пропагандалоо” боюнча кандайдыр бир мыйзамдуу негиздер болбой туруп иш козголду: (1) көчүрүп жарыяланган (перепечатка) маалыматта бир өлкөнүн экинчи өлкөгө агрессиясын козутуу же аскердик жаңжалды тутантуу чакырыктары камтылган эмес; (2) 2022-жылдын 27-январында Тажикстан менен чек арадагы жаңжал “Кактус медиа” басылмасы ASIA.Plus басылмасынын материалын көчүрүп жарыялаганга  чейин эле башталган; (3) “Кактус медиа” көчүрүп жарыяланган маалыматты сайтынан ыкчам түрдө алып салып, ошол замат окурмандарынан кечирим сураган.

Окуянын хронологиясы

2022-жылдын 27-январы. Ушул күнү кечинде Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек ара тилкесинде куралдуу жаңжал чыккан. Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттары, анын ичинде “Кактус медианын” журналисттери Кыргызстандын расмий түзүмдөрүнө жана жергиликтүү тургундарга шилтеме берүү менен бул окуяларды ыкчам чагылдырышкан. Кырдаалды чагылдырып жатканда “Кактус медианын” журналисттери тажикстандык ASIA.Plus басылмасынын материалын көчүрүп жарыялашкан. Бул макалада “тажик тараптагы булактар Тажикстандагы айылдын жашоочулары көчүрүлүп жатканын жана жаңжалды кыргыз аскер кызматкерлери козутканын ырастап жатканы” айтылат. “Кактус медиа” басылмасы ушул көчүрүп басылган макаланын бир нече жеринде ASIA.Plus басылмасына гипершилтемени берген.

“Кактустун” макаланы өчүрүп, кечирим сурашы

Материалда “Кактус медианын” редакциялык комментарийи болбогондуктан, кыска убакыттын ичинде бул макала сайттан өчүрүлгөн. Мындан тышкары “Кактус медиа” башка басылмадан алынган маалымат боюнча оюн так жеткире албаганын моюнга алып, түшүндүрмө жарыялаган: “Бул басылманын жалгыз максаты – тажик тарап кандай маалыматтык саясат жүргүзүп жатканын, Тажикстандын бийлиги катардагы жарандарына кандай маалымат таратканын кыргыз коомчулугуна көрсөтүү болчу”. Ушуга байланыштуу редакция окурмандардан кечирим сураган. Бирок айрым адамдар башында чыккан материалдын скриншотун кылып, аларга өз пикирлерин тиркеп, социалдык түйүндөрдө жапырт түрдө жайылта башташкан. Алар редакцияны тажик бийлигинин аракеттерин колдойт деп айыптап, басылманы жабууну талап кылган билдирүүлөрдү чыгарышкан.

Интернет троллдордун коркутуулары, редакциянын социалдык тармактардагы аккаунттарын жана басылманын кызматкерлеринин жеке аккаунттарын бузуп кирүү аракеттери

28-январь: Эртең менен айрым интернет колдонуучулар “Кактус медиа” көчүрүп жарыялаган макаланын скриншотуна “Кактус – душман” деген пикирлерин кошуп, соцтармактарда жапырт түрдө тарата башташты. Андан соң “Кактус медианы” жабуу талабын коюп, митинг өткөрүш керек деген чакырык камтылган билдирүүлөрдү чыгарышкан. Буга байланыштуу коопсуздук максатынан улам “Кактус медианын” кызматкерлеринин бир бөлүгү кеңседен чыгып кетишкен. “Кактус медиа” басылмасына каршы митингге чыгуу чакырыктарын “Регион.kg” телеканалынын айрым журналисттери жигердүү таратышканын белгилей кетели. Баса, 2020-жылдын 28-ноябрында “Регион.kg” телеканалынын башкы директору Өткүрбек Рахманов журналист Адыл Акжол уулу менен болгон маегинде телеканал УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге таандык экенин тастыктаган.

28-январь: басылманын кеңсесинин жанында 20 чакты адам катышкан митинг өттү. Белгилей кетсек, акциянын катышуучулары митингдин максаты тууралуу суроого жооп берип жатып, ар кандай себептерди аташкан. Мисалы, түз эфир маалында митингдин айрым катышуучулары бул чуулгандуу кабарды окубаганын моюнга алышса, башкалары митингге “чек ара маселесин” чечүүнү талап кылып келишкенин айтышкан. Алтургай, “Фактчек” басылмасынын журналисттери митингдин айрым катышуучулары буга чейин да ушул өңдүү акцияларга катышканын жана алар социалдык түйүндөрдө азыркы бийликти колдой турганын аныктап чыгышкан.

Социалдык тармактарда координацияланган чабуулдардын толкунунан тышкары, “Кактус медианын” кызматкерлеринин жеке мессенджерлерин жана социалдык тармактардагы аккаунттарын бузуп кирүү аракети болду, ошондой эле “Кактус медианын” “Инстаграмдагы” аккаунтун, колл-борборун жана бул борбордун администраторунун “Вотсаптагы” жеке мессенджерин да бузуп кирүү аракети байкалган.

2022-жылдын 31-январында КТРК социалдык тармактардын атын атабаган колдонуучуларына шилтеме берип, “Кактус медианы” “өлкөнүн улуттук кызыкчылыгына каршы иш жасап, улуттар аралык кастыкты козутууга” айыптаган, редакцияны “олдоксон сөздөрү үчүн” жоопкерчилик алууга чакырган сюжетти чыгарган. Ошол эле учурда КТРК “Кактус медиа” редакциясы биринчиден, көчүрүп жарыяланган маалыматты ыкчам түрдө сайттан өчүргөнүн, экинчиден, бул материал үчүн кечирим сураганын айткан эмес. “Фактчек” редакциясы “Кактус медиа” жөнүндө КТРКнын сюжетинде манипуляция ыкмалары колдонулганын аныктап чыкты.

Кылмыш ишин козгоо, редакциянын кызматкерлерин суракка чакыруу

31-январь: жогорудагы материалды көчүрүп жарыялоо фактысы боюнча Бишкек шаарынын прокуратурасы КР Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси (“Согушту пропагандалоо”) боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул берене “бир өлкөнүн башка өлкөгө агрессиясын жаратуу же согуштук жаңжалды баштоо максатында көз караштарды, идеяларды же чакырыктарды ар кандай формада жайылтуу” үчүн колдонулат.

31-январь, 1-4-февраль күндөрү: “Кактус медианын” 13 кызматкери суракка алынды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

407-берене (“Согушту пропагандалоо”) боюнча кылмыш адам башка өлкөгө каршы агрессиянын башталышын же согуш чыгышын баамдап, муну каалап, ушуга тиешелүү аракеттерди көрдү дегенди билдирет. Ошол эле учурда “Кактус медиа” редакциясы тажик интернет-басылмасынын макаласын гипершилтеме менен көчүрүп жарыялап, буга байланыштуу окурмандарынан кечирим сураганы менен, бул факт редакцияда жогоруда сөз болгон беренеде каралган кылмышты жасоо ниети бар болгонун эч кандай түрдө далилдебейт. Бул күнү “Кактус медианын” журналисттери Баткен облусунун Башкы штабынан, КР УКМКнын Чек ара кызматынан, КР Саламаттыкты сактоо министрлигинен түшкөн маалыматтарды ыкчам таратып турганын белгилей кетүү маанилүү. Ошентип, редакция чек арадагы кырдаалды ар кандай булактардан чагылдырууга умтулган.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренесине жасалган талдоо көрсөткөндөй, “бир өлкөнүн башка өлкөгө агрессиясын жаратуу же согуштук жаңжалды баштоо максатында көз караштарды, идеяларды же чакырыктарды ар кандай формада жайылтуу” аракети системалуу, туруктуу мүнөзгө ээ болууга тийиш. 3-февралда  24.kg басылмасына берген маегинде адвокат Нурбек Сыдыков билдиргендей, сайт жалпысынан чек арадагы кырдаалды кандай чагылдырганын талдап көргөндө, “алар мамлекеттик органдардан – УКМКнын Чек ара кызматынан, күч түзүмдөрүнөн түшкөн кабарларды чагылдырышкан. ЖМК болгону чек арадагы кырдаал боюнча толук маалымат берип турган” деген жыйынтыкка келүүгө болот.

Адвокат Акмат Алагушев белгилегендей, “көчүрүп жарыяланган текстте агрессия жана согуштук аракеттерге үндөгөн кандайдыр бир чакырыктар болгон эмес, мындай аракеттерди актаган же негиздеген белгилер байкалган эмес, мындан улам макала чыкканга чейин эле башталган куралдуу жаңжалга себеп боло албайт. Редакция өзү кыска убакыттын ичинде өчүргөн көчүрүлүп жарыяланган бир макала өлкөлөр ортосундагы согушту пропагандалоо жана тутандыруу максатында системалуу түрдө жасалып турган аракетке кирбейт”.

Редакциянын үстүнөн кылмыш ишинин козголушуна комментарий берип жатып, 5-февралда адвокат Нурлан Садыков Тажикстан менен чек арадагы жанжал аталган макала жарыяланганга чейин эле башталганын белгиледи. “Маалым болгондой, бир өлкөнүн экинчи өлкөгө агрессиясынын башталышына ЖМКдагы макаланын өзү эмес, башка нерселер себепчи болгон. Чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо маселелери чечилбей келатканы ошол себептердин бири. ЖМКдагы макала чек ара жаңжалына себеп болбогону анык”, — деди Н.Садыков].

Кактус медиага” жана “ТемировЛайвга” коюлган чабуулдардын максаты – Кыргыз Республикасынын маалымат мейкиндигинен көз карандысыз ЖМКларды сүрүп чыгаруу

“Кактус медиага” каршы уюшулган каралоо өнөктүгү жарандардын тең салмактуу маалымат алуу укугун коркунучка кептеп жатат. Мындай аракеттер кыргызстандык коомдук талкуу мейкиндигинен көз карандысыз ЖМКларды системалуу түрдө сүрүп чыгаруу багытындагы масштабдуу өнөктүктөрдүн бир бөлүгү болуп саналат.

Мындай тыянак чыгарууга бир нече жагдай түрткү болду: азыркы бийлик өз дарегине айтылган сындарды көтөрө албай турганын бир нече жолу көрсөттү, “Кактус медианы” каралоо жана ага каршы кылмыш ишин козгоо “ТемировЛайв” редакциясынын жетекчиси Болот Темировго кылмыш ишинин козголушу менен бир убакта болуп жатат. Темировдун ишинде да көптөгөн процедуралык мыйзам бузуулар олуттуу суроолорду жаратууда. Мисалы, “журналист баңгизатын сактаган” деген имиш менен козголгон иштин алкагында редакциянын компьютерлери кеңседен эч негизсиз чыгарылып кеткен.

Көз карандысыз маалымат каражаттарынын эркиндиги жарандардын негизги укугу катары демократиялык коом үчүн өтө маанилүү, себеби журналисттердин сөз эркиндиги, бийликке сынчыл маанайдагы суроолорду берүү мүмкүнчүлүгү, коррупцияга каршы журналисттик иликтөө жүргүзгөнү бийликти жоопкерчиликтүү болууга мажбурлап, өлкөнүн жана коомдун өнүгүшү үчүн пайдалуу чечимдерди кабыл алышына көмөктөшөт.

Алтургай, 30 жылдан бери БУУнун толук укуктуу мүчөсү катары Кыргызстан маалыматка жетүү укугун, булактарды коргоо, жумуш орундарында жана жеке үйлөрдө тинтүү жүргүзүүдөн жана материалдарды тартып алуудан коргоо, редакциялык көз карандысыздыкты коргоо жана кысымдан же кийлигишүүдөн коркпостон иликтөөлөрдү жүргүзүү, сындоо жана коомдук талкууга салым кошуу мүмкүнчүлүгүн берүү сыяктуу бардык өңүттөрдөн алганда ЖМКнын эркиндигин бекемдөөгө умтулууга тийиш. Журналисттердин коопсуздугу бул эркиндиктин негизги компоненти болуп саналат.

Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, Кыргызстан КР Конституциясына жана эл аралык милдеттенмелерине ылайык, коррупцияны жана адам укуктарынын бузулушун ашкерелеген журналисттердин коопсуздугун жана ЖМКнын эркиндигин эффективдүүрөөк коргоого тийиш. Буга байланыштуу Кыргызстан төмөнкүлөрдү жасашы керек:

1. журналисттерди офлайн да, онлайн да коркутуп, опузалоого жол бербөөгө, анын ичинде журналисттердин өмүрүнө жана коопсуздугуна реалдуу жана түздөн-түз коркунуч келип чыккан учурда алардын коопсуздугун камсыз кылууга жана бул үчүн тиешелүү алдын алуу чараларды көрүүгө тийиш.

2. бийлик өкүлдөрү өз сөзүндө ЖМКнын эркиндигин бузууну актап же мындай аракеттерге башкаларды шыктандырбашы үчүн тийиштүү чараларды көрүшү керек. Буга байланыштуу бийлик өкүлдөрү өз билдирүүлөрүндө журналисттерди мыйзамсыз куугунтуктоого жана аларга карата зомбулуктун ар кандай түрлөрүнө чечкиндүү түрдө каршы чыгышы керек.

3. журналисттердин кесиптик ишмердигине байланыштуу суракка негизсиз чакырууларды жана мыйзамсыз кылмыш иштерин козгогонду токтотуу зарыл. Бийликтин сынга карата сабырсыз мамилеси Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген зарылчылык, өлчөмдөштүк  жана мыйзамдуулук принциптерине жана Кыргызстандын адам укуктары боюнча эл аралык милдеттенмелерине шайкеш келбейт.

«Медиа Полиси» институту

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты