Бишкек шаар соту Kaktus.media басылмасына каршы арыз боюнча чечим чыгарды

  • 8 месяцев мурун

4-сентябрда Бишкек шаардык сотунда «Вечерний Бишкек» гезитинин Kaktus.media сайтына каршы доо арыздарды карап, Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу адвокат Нурбек Сыдыков билдирди.

23-майда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда «Вечерний Бишкек» гезитинин «Кактус Медиа» сайтына каршы доо арызы каралган.

Соттук териштирүүгө «Кактус Медиа» сайтына жарыяланган «Вечерний Бишкек» гезитинин жабылышы жана кызматкерлеринин жумуштан айдалганы тууралуу макала себеп болгон.

Басылма «Кактус Медиада» жарыяланган макаладагы маалыматтар чындыкка дал келбей турганын айтып, андагы маалыматтарды төгүндөөнү талап кылууда.

«Вечерний Бишкек» соттон «Кактус Медиадан» жалпы 50 миллион сом кенемте өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

Биринчи Май райондук соту Кактус Медиа” жарыялаган макаладагы маалыматты чындыкка дал келбейт деп таануу тууралуу доо арыз жарым-жартылай канааттандырылды. Кабарчы 500 миң сом, “Промедиа Плюс” коомдук фонду 500 миң сом төлөөгө милдеттендирилди, мындан тышкары 700 сомдук мамлекеттик алым төлөө талабы да коюлду.

“Кактус медиасынын” редакциясы бул чечимге каршы даттанарын билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты