Kaktus.media журналисти  «Вечерний Бишкектин» доосу боюнча 100  миң сом төлөп берди

  • 2 месяца мурун

Kaktus.media журналисти Диля Юсупова “Вечерний Бишкектин” доосу боюнча 100 миң сом төлөп берди.

Бул тууралуу  Kaktus.media редакциясы билдирди.

“Вечерний Бишкек” Диля Юсуповага 100 миң сом, Kaktus.media басылмасына 500 миң сом доо койгон.   

Бул доону төлөө үчүн Kaktus.media каражат чогултуу, краудфандинг жарыялаган. Бул каражат саналуу күндөрдө чогулуп, анын жалпы суммасы 146 миң сомду түзгөн.  Бул каражаттын 100 миң сому Диля Юсуповага коюлган доону төлөөгө жана 700 сому сот алымын төлөөгө жумшалган.  Калган каражат редакцияга доо үчүн 500 миң сомду чогултуу үчүн учредитель болгон “ПроМедиа Плюс” коомдук фондуна которула турганы маалымдалды.   

Өткөн жылы 10-ноябрда Жогорку сотто «Вечерний Бишкектин» Kaktus.media’га каршы доо арызы боюнча чечим чыккан. Журналист Диля Юсуповага буга чейинки эки инстанцияда салынган 500 миң сом айыпты 100 миң сомго түшүрүү чечимин кабыл алган. Калган чечим өзгөртүүсүз калтырылды.

Өткөн жылы 23-майда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда «Вечерний Бишкек» гезитинин «Кактус Медиа» сайтына каршы доо арызы каралган.

«Вечерний Бишкек» соттон «Кактус Медиадан» жалпы 50 миллион сом кенемте өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

Өткөн жылы 4-сентябрда Биринчи Май райондук сотунда Кактус Медиа” жарыялаган макаладагы маалыматты чындыкка дал келбейт деп таануу тууралуу доо арыз жарым-жартылай канааттандырылды. Кабарчы 500 миң сом, “Промедиа Плюс” коомдук фонду 500 миң сом төлөөгө милдеттендирилген, мындан тышкары 700 сомдук мамлекеттик алым төлөө талабы да коюлду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты