Курманкул Зулушев «Кактус медиага» карата козголгон кылмыш иши боюнча комментарий берди

  • 2 года мурун

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 9-январда өткөн маалымат жыйында «Кактус медиа» сайтына карата козголгон кылмыш иши боюнча комментарий берди.

Анын айтымында, атаган ишти иликтөө үчүн атайын экспертиза дайындалган.

Ал тергөөдө коюлган айып далилденсе тиешелүү адамдарга юридикалык баа берилип жоопко тартыларын, эгерде кылмыштын курамы жок болсо иш кыскартыларын айтты.

“Учурда Бишкек шаардык прокуратурасы тергөө амалдарын жүргүзүп жатат. Тиешелүү экспертиза даярдалган. Азырынча жообу чыга элек. Макалада «Кыргызстан биринчилердин болуп ок атты» деген маалымат болгон. Өзүңүздөр билгендей, эки мамлекеттин ортосунда чек ара боюнча олуттуу маселе бар. Ким болбосун баары бирдей жооп бериши керек. Сөз эркиндигин чектөө деген бизде ой дагы болгон жок. Биринчи май райондук прокуратурасы өзүнүн функционалдык милдетин аткарып, иш козгоду. Эгер тергөөдө далилденсе, анда жоопко тартылат”, — деди Зулушев.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук прокуратурасы Kaktus.media сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжал тууралуу маалыматка байланыштуу кылмыш ишин козгогон.

Көзөмөлдөөчү орган тараткан маалыматта «2022-жылдын 27-январында сайттагы макалада Кыргызстандын аскер кызматкерлери тажик тарапка биринчилерден болуп ок атып провокация кылды делген чындыкка дал келбеген маалымат чагылдырылган. Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси (“Согушту пропагандалоо, башкача айтканда, бир өлкөнүн башка өлкөгө агрессиясын жаратуу же согуштук жаңжалды баштоо максатында көз караштарды, идеяларды же чакырыктарды ар кандай формада жайылтуу”) менен кылмыш ишин козгогон. Белгиленген аракеттин мыйзамдуулугуна баа берүү үчүн Бишкек шаардык прокуратурасы тергеп жатат», — деп жазылган.

Kaktus.media талаш-талкуу, нааразылык жараткан маалыматы тууралуу түшүндүрмө берген. Анда ал кабар Тажикстандын Asia Plus басылмасынын көчүрүп жарыяланган маалымат (перепечатка) экендиги белгилүү болгон.

Редакакция материалды көчүрүп жарыялоодо кыргыз коомчулугуна тажик тарап кандай маалыматтык саясатты колдонуп жаткандыгын, Тажикстандын бийлиги катардагы жаранга окуяны кандайча баяндап жатканын көрсөтүүнү максат кылганын айтып, окурмандарынан кечирим сураган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты