“Бийликке сын айткан кылмыш эмес”. Прокуратуранын “Клоопту” жабуу сунушу сөз эркиндигине кысымдын уланышы

28-августта Бишкек шаардык прокуратурасы Бишкектин Октябрь райондук сотуна “Клооп” басылмасын жабуу боюнча арыз жазган. Анда “Жарыяланган материалдардын көбү негативдүү, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрүн дискредитациялоого багытталган. Азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтар басымдуулук кылары” айтылган.

Прокуратуранын катында “Клоопко” карата 2021-жылы 2-ноябрда УКМК “бийликти басып алууга чакырык жасаган” деген айып менен сотко чейинки териштирүү жүргүзгөнү, экспертизалар дайындалганы да айтылган. Бишкек шаарынын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун жазганы боюнча, Kloop.Media коомдук фонд катары катталып, ЖМК катары мамлекеттик реестрде катталган эместиги айтылат. Башкы прокуратура жана Октябрь райондук сотунун басма сөз кызматы кайрылуу болгонун ЖМКга тастыктаган.

Бул демилге президенттин маегинен кийин көтөрүлдү

Президент Садыр Жапаров “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттигине берген маегинде “Клооптун”, “ПолитКлиниканын” иликтөөсү тууралуу суроого жооп берип жатып, көз карандысыз медиаларга сын айткан. 

“Клооп” баш болгон башка сайттарга, өздөрүн эркин журналистмин деп алышкан Эшмат-Ташматтарга кайрылуу менен баштаймын. Силердин илгертен бери кыргызга кылган зыяныңардан башка пайдаңар жок. Мындан ары деле болбойт. Кыргызстаныбызга пайдаңар тийбесе дагы зыяныңарды тийгизбей тургулачы, сураныч. Жалаң негатив жазып, жамандык издеп өлкөгө келип жаткан миллиарддаган инвестицияларды, инвесторлорду үркүтүп жатасыңар”, — деген Жапаров.

Эске салсак, 2021-жылы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктары чыгып, Жапаров башка талапкерлерден эң көп добуш алганы аныкталганда журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, ага сөз эркиндиги тууралуу суроо берилген. Ал “сөз эркиндигин толук коргоого мен өзүм да ынтызармын” деп жооп берген. Маалымат каражаттарына кандайдыр бир куугунтук болсо, болуша турганын дагы билдирген.

“Бийликке сын айткан кылмыш эмес”. Прокуратуранын “Клоопту” жабуу сунушу сөз эркиндигине кысымдын уланышы

Прокуратуранын доо арызына эл аралык уюмдар, медиа, жарандык коом тынчсызданууда

Бишкек прокуратурасынын арызынан кийин Журналисттерди коргоо комитети (CPJ),  Human Rights Watch жана Front Line Defenders уюму кыргыз бийлигине кайрылуу жасашты. Алар прокуратуранын “Клоопту” жабуу демилгесине тынчсызданып жатканын билдиришип, сунушту артка кайтарууга чакырышты. Ошону менен катар эле Кыргызстандын медиа коомчулугу жана жарандык коом дагы кайрылуу жасашты. Алар “Клооп Медианы” жабуу демилгеси жана көз карандысыз ЖМКга карата болуп жаткан бүгүнкү болуп көрбөгөндөй басым бул медиа уюмдар жана бийликке альтернатива пикир жарыялаган жана жогору кызматтагы аткаминерлерди сындаган журналисттер үчүн эле жаралып жаткан коркунуч эмес экенин белгилешти. 

“Бул азыркы бийликтин саясатына каршы келген пикирлерди ачык айтып жаткан бардык жарандар, социалдык тармактын колдонуучулары үчүн жаралып жаткан коркунуч”, — деп жазылат кайрылууда. 

“Бийликке сын-пикир айткан кылмыш эмес”

Юрист Акмат Алагушев “Клоопко” коюлган дооматтар мыйзамсыз, бийликке сын-пикир айткан кылмыш эмес деген пикирин айтты. Ал билдиргендей, бул сөз эркиндигин куугунтуктоо.

Биз бул доо арызга каршыбыз. Ал жакта коюлган дооматтар мыйзамсыз. Бийликке сын-пикир айткан кылмыш эмес. Журналист же ЖМК кылмыш болуп эсептелген нерселерди жасаган жок да. Мындан улам бул сөз эркиндигине болгон куугунтуктоого окшошуп жатат.  Булардын доо арызында коюлган “коомдук фонд жабылсын” деген сунушу абсурд. Алардын уставында эмне деп жазылып турганын караш керек. Прокуратура Kloop.Media коомдук фонд катары катталып, ЖМК катары мамлекеттик реестрде катталган эмес деп кайсы жакка бурганы жатышканы түшүнүксүз болуп жатат. Өзүбүзгө кызык болуп жатат. Мындай доо арызды Маданият маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлигинин юристи жазса бир жөн эле. Прокуратуранын жазганы мыйзам, логика жагына дагы туура келбей жатат”, — деди Алагушев.

“Бийликке сын айткан кылмыш эмес”. Прокуратуранын “Клоопту” жабуу сунушу сөз эркиндигине кысымдын уланышы

“Чыныгы журналистиканын миссиясы — түз жолдон тайгандарды туура жолго салуу”

Медиаэксперт Марат Токоев сөз эркиндигине куугунтук улана берсе бийликтин өзүнө зыян болорун билдирди. Ал чыныгы журналистиканын миссиясы түз жолдон тайып бараткан кадамдарды туура жолго салуу экенин белгиледи.

“Клооп” — Кыргызстандагы бирден бир күчтүү медиалардын бири. Аны сын-пикир айткан үчүн жабуу бул сөз эркиндигине болгон кысымдын уланып жатканы. Албетте, күчтүү медианы жаап жатканы бизди ойлондурбай койбойт. Кийинкиде башкалар сөз айтмак түгүл, ойлонгондон дагы коркуп калат болуш керек. 

Келтирилген жүйөөлөр дагы акылга сыйбаган, күлкүлүү болуп жатат. Негизи журналистиканын миссиясы түз жолдон тайып бараткан нерселерди көрсөтүп, сындап, туура жолго салып туруу болуп саналат. Өзүнүн ишин аткарган үчүн “Клоопту” күнөөлөгөн туура эмес. Мындай нерсе уланып кете берсе бийликтин өзүнө жаман болот. Бийлик “кылып жаткан кадамдарым туура экен” деген таризде калып, туура эмес кадамдарга барып алышы мүмкүн. Өздөрүнө кыянаттык кылып жатышат. Чыныгы дос күйдүрүп айтат дегендей, “Клоопту” кыргыз элинин душманы катары көрсөтүү туура эмес. “Клоопту” жаап койсо алар иштебей калат дегенден алысмын, алар ишин уланта беришет. Себеби, интернетти толук жабууга мүмкүн эмес”, — деди Марат Токоев.

“Бийликке сын айткан кылмыш эмес”. Прокуратуранын “Клоопту” жабуу сунушу сөз эркиндигине кысымдын уланышы

Көз карандысыз маалымат каражаттарына көрсөтүлгөн кысымдар

Жогору дагы айткандай, Садыр Жапаров президенттик шайлоодон кийин журналисттерге “сөз эркиндигин толук коргоого мен өзүм да ынтызармын” деп айткан. Маалымат каражаттарына кандайдыр бир куугунтук болсо, болуша турганын дагы билдирген.

Бирок иш жүзүндө Садыр Жапаровдун президенттик мөөнөтү башталгандан бери бир канча көз карандысыз маалымат каражаттарына кысымдар болуп жатат.  

Болот Темировдун өлкөдөн чыгарылышы

Temirov live’ дин негиздөөчүсү Болот Темиров былтыр 23-ноябрдын кечинде “Манас” аба майданынан күч менен Бишкек – Москва каттамына отургузулган жана аны укук коргоо органдарынын кызматкерлери коштоп Орусияга чыгарып кетишкен. Анын алдында Бишкек шаардык соту журналистти өлкөдөн чыгаруу тууралуу чечим чыгарган. Буга журналисттин Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алганы негиз болгону айтылган. Чечим ошол эле күнү ишке ашырылган. Күч органдары жана прокуратура журналистке каршы иш мыйзам чегинде козголгонун, иликтөө талапка ылайык жүргүзүлгөнүн билдирип келет. Болот Темиров ага коюлган айып негизсиз экенин айтып, бул окуяларды журналисттик ишмердиги менен байланыштырган. Бир катар чет өлкөлүк жана жергиликтүү уюмдар, укук коргоочулар Болот Темиров Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылганын билдирип, кыргыз бийлигин сөз эркиндигин коргоого чакырып келген.

“Бийликке сын айткан кылмыш эмес”. Прокуратуранын “Клоопту” жабуу сунушу сөз эркиндигине кысымдын уланышы

Next TV’нын директору камакка алынып, бошотулду

Былтыр мартта Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиев «улут аралык кастыкты козутуу» деген айып менен камакка алынган. Былтыр сентябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Таалай Дүйшөмбиевди күнөөлүү деп таап, үч жыл пробациялык жаза мөөнөтүн өтөө чечимин чыгарган. Атайын кызмат кабарлагандай, буга телеканалдын Казакстандын Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысынын сөзүнө таянып, «Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген жалган кабарды социалдык түйүндөрдө таратканы себеп болгон. Экспертиза бул маалыматта «кастык козутуучу белгилер бар» деп тапкан.

“Бийликке сын айткан кылмыш эмес”. Прокуратуранын “Клоопту” жабуу сунушу сөз эркиндигине кысымдын уланышы

“Азаттыктын” ишмердүүлүгүн токтотуу аракети

“Азаттык Медианын” маалымат каражаты катары ишмердүүлүгүн токтотуу аракеттери дагы болуп келген. Өткөн жылдын октябрь айында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медианын” веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. Министрлик буга “Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы “Настоящее время” телеканалынын кыргыз-тажик чек арасында 14-17-сентябрь аралыгында орун алган окуялар тууралуу видео материалы негиз болгонун билдирген. Министрлик өз арызын Кыргызстанда былтыртан бери иштеп баштаган «Анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамга негиздеген. “Азаттыкка” болгон кысым муну менен эле токтоп калбай 31-октябрда радионун “Демирбанктагы” эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн. Эми болсо аталган министрлик “Азаттык Медианынын” ишмердүүлүгүн токтотуу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Ленин райондук соту Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өтүнүчүн канааттандырган. 

12-июлда Бишкек шаардык соту Маданият министрлиги менен “Азаттык Медиа” мекемесинин ортосундагы тынчтык келишимди бекиткен. Ошону менен Ленин райондук сотунун 27-апрелдеги “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу боюнча чечимин жокко чыгарылып, соттук териштирүүлөр токтотулган. Маданият министрлиги Санариптик өнүктүрүү министрлигине “Азаттыктын” сайттарына коюлган бөгөттү алып салуу боюнча кат жөнөткөн.

“Бийликке сын айткан кылмыш эмес”. Прокуратуранын “Клоопту” жабуу сунушу сөз эркиндигине кысымдын уланышы

Миллион сомдук доо арыздар

Вечерний Бишкек” VS “Кактус Медиа” 

“Вечерний Бишкек” басма үйү” жабык акционердик коому “Кактус Медиа” басылмасынын үстүнөн Бишкектин Биринчи май райондук сотуна арыз менен кайрылган. Буга “Кактус Медианын” “Вечерний Бишкек” гезитинин жабылышы тууралуу макаласы себеп болгон. Май айында Биринчи май райондук соту «Вечерний Бишкектин» доо арызы боюнча чечим чыгарган. Анда “Кактус медианын” жарыялаган макаладагы маалыматты чындыкка дал келбейт деп таануу тууралуу доо арыз жарым-жартылай канааттандырылган. Кабарчы 500 миң сом, “Промедиа Плюс” коомдук фонду 500 миң сом төлөөгө милдеттендирилип, мындан тышкары 700 сомдук мамлекеттик алым төлөө талабы да коюлган. Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

“Бийликке сын айткан кылмыш эмес”. Прокуратуранын “Клоопту” жабуу сунушу сөз эркиндигине кысымдын уланышы

ЭлТР VS “ПолитКлиника”
Февраль айында ЭлТР  “ПолитКлиника” медиасынын үстүнөн Бишкектин Свердлов райондук сотуна, кийин Биринчи май райондук сотуна арыз менен кайрылганы белгилүү болгон.  Буга “ПолитКлиника” медиасынын ЭлТРдин “Садыр Жапаров энергетикага карыз алган эмес” дегени калп” деген тема менен жарыялаган материалы себеп болгон. Анда “ПолитКлиника” ЭлТРдин 31-январда жарыкка чыккан “Кайсы президент энергетикага көп карыз алган?” аттуу сюжетин анализдеп, андагы маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирген. Бул материал жарыяланган соң ЭлТР “ПолитКлиниканы” жалган маалымат таратууга айыптап, телеканалдын жана анын кызматкерлеринин кадыр-баркына доо кетиргенин айтып чыккан. ЭлТР “ПолитКлиникадан” аталган материалды интернет желесинен алып салууну жана анда айтылган маалыматтарды төгүндөөнү талап кылууда. Моралдык зыян катары ЭлТР соттон “ПолитКлиника” редакциясынан 7 миллион сом, журналист Тыныстан Асыпбектен 3 миллион сом, жалпы 10 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн. Азыркы тапта соттук отурум уланууда.

“Бийликке сын айткан кылмыш эмес”. Прокуратуранын “Клоопту” жабуу сунушу сөз эркиндигине кысымдын уланышы

Автор: Жылдыз Джускембаева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты