Кайрат Примбердиев 100 миң сом айып төлөгөнүн айтты

  • 2 месяца мурун

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев AIRAN деп аталган YouTube каналга берген маегине байланыштуу мамлекетке 100 миң сом айып пул төлөгөнүн Инстаграм баракчасында билдирди.

-Мындан бир жарым ай мурун Казакстандын “Айран” ютуб-каналындагы сөздөрүм үчүн казак элинен жеке өзүмдүн атыман Кенесарынын башы үчүн кечирим сурайм деген сөзүм резонанс  болуп кетти эле. Анан Улуттук коопсуздук комитети тарабынан бул иш каралып, сотко өткөн. 330-берене бул эл аралык кастыкты козутуу боюнча, сот иши аяктап,   өкүм ишке кирди, 100 миң сом айып, Кыргыз мамлекетинин бюджетине мен сала турган болдум, -деди Кайрат Примбердиев.     

Ырчыга AIRAN деп аталган YouTube каналында берген маегинде сүйлөп жатып, «улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жасаган» деген айып коюлган.

УКМК билдиргендей, П.К.Т. аттуу Кыргызстандын жаранына  “Айран» ютуб каналында сүйлөп жатып, улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жасагандыгы үчүн, өлкөдөн чыкпоо тууралуу бөгөт коюу чарасы тандалып алынган. Белгилей кетсек, П.К.Т. аттуу адам ырчы Примбердиев Кайрат Тыныбековичтин ысымына туура келет.

Сүрөт: 24kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты