Ырчы Кайрат Примбердиевге кылмыш иши козголду

  • 1 месяц мурун

П.К.Т. аттуу КР жараны  “Айран» ютуб каналында сүйлөп жатып, улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жасагандыгы үчүн, өлкөдөн чыкпоо тууралуу бөгөт коюу чарасы тандалып алынды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, П.К.Т. аттуу адам ырчы Примбердиев Кайрат Тыныбековичтин ысымына туура келет.

Учурда тиешелүү тергөө жана процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттер үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин эскертет. Бул үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты