Кайра шайлоо боюнча талапкерлердин саны 26га жетти
- 2 года мурун
Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) Бишкек шаарынын № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңеш депутаттарын кайра шайлоого катышуу жөнүндө 26 талапкерден билдирүү түштү.
Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек шаарынын Биринчи май шайлоо округунан: Акжолтой Келгенбаев, Таалайбек Кермалиев, Рыскелди Момбеков, Адылбек Гапаров, Русланбек Акылбеков, Рысбай Аматов, Анвар Сартаев, Нурбек Токтакунов, Шадыкан Жакыпбеков, Элвира Сурабалдиева арыз берген.
Свердлов шайлоо округу боюнча:: Абдурахман Муртазалиев, Аспек уулу Азамат, Нурланбек Маматкулов, Эльнура Алканова, Бакыт Бакиров, Бакыт Садабаев, Бакытбек Болотбеков, Улукбек Тургунбаев, экс-депутаттар Ирина Карамушкина жана Шайлообек Атазов, Муратбек Султанбеков, Эдил Бейшенбаев, Жусубалы Керимбаев, Назгүл Жолдошева, Жаныбек Асанбеков, Гуля Алмамбетова арыз берген.
28-ноябрда Кыргызстанда аралаш система боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өттү. Ага бирдиктүү шайлоо округунан 21 партия жана бир мандаттуу округдардан 282 талапкер катышты.
Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы 90 депутаттан турат. 54 депутат партиялык тизме боюнча шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келет.
№27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 2022-жылдын 27-февралына бекитилди. Жогоруда аталган шайлоо округдарында баарына каршы добуш бергендердин саны басымдуулук кылгандыктан, шайлоо өткөн жок деп таанылган.