850 миң сомдук зыян келтирүүгө шектүү кармалды   

  • 4 месяца мурун

Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, А.Ж. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ИИББ) билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 2025-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына 1949-жылы туулган М. О. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адамдар өздөрүн күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катары тааныштырып, ишенимине кирип, 850 миң сом акча каражатын алдап алып кетишкен. Андан кийин алар байланышка чыкпай калышкан.

Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду. Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө жана техникалык иш-чаралардын натыйжасында милиция кызматкерлери кылмышка шектүү 2004-жылы туулган А. Ж. кармалып, кылмыш-жаза процесстик кодексинин 96-97-беренелеринин негизинде ал Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери улантылууда.  

Сүрөт: Бишкек шаардык ИИББ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты