Бишкек шаарынын Свердлов райондук РИИБинин үч кызматкери кармалды

  • 4 недели мурун

Бишкек шаардк ички иштер башкы башкармалыгынын (ШИИББ) Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан кызматтык шалаакылык жана кызматтык документтерди жасалмалоо фактылары боюнча, Свердлов РИИБ кызматкерлери кармалды

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 3-бөлүгүндө (башка кылмышты жашыруу же аны жасоого көмөктөшүү) каралган кылмыш белгилери боюнча УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан кызматтык шалаакылык жана кызматтык документтерди жасалмалоо фактылары боюнча, Свердлов РИИБинин А.у.К., К.А.Т. жана К.М.К. аттуу 3 кызматкери кармалды.

Кармалгандар УКМКнын тергөө камагына кармалды.

Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери козголуп, керектүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: УКМК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты