Кафеде индиялык жаранды сабоого шектүүлөр кармалды

  • 2 года мурун

Буга чейин социалдык түйүндөрдө Бишкек шаарындагы Киев жана Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кафенин ичинен белгисиз жарандар индиялык жарандардын денесине залал келтирип жаткан видео тасма тараган.

Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган окуя Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыштардын
бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш- жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) фактысы менен кылмыш иши козголгон.

ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Бишкек шаардык ИИБ кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган Н.С. жана 2004-жылы туулган Б.К. атуу жарандар шектелип кармалды.  Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ИИБ убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.
Учурда тергөө иштери улантылууда.

Башкы сүрөт: АКИпресс.


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты